Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улуттук жана ички кадрлар резерви, муниципалдык кызматчыларды ротациялоо жана баалоо тууралуу

2020-03-12 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилди.

Улуттук резерв «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамынын 24-беренесине ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындала турган кызмат орундарын ээлөөдө да пайдаланылышы мүмкүн.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилди: ички резер аскер кызматына чакырылгандыгына же аны алмаштыруучу альтернативдик жарандык кызматка жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган адамдардан да түзүлөт.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилди: Мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары менен макулдашуу боюнча, мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келишин эсепке алуу менен, кызматчыны мамлекеттик кызматтын башка түрүнө (аскер кызматына, тартип коргоо кызматына жана дипломатиялык кызматка) ротациялоого жол берилет.

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • баалоо жана анын жыйынтыктары боюнча материалдар, ошондой эле баалоо боюнча комиссиянын жана апелляциялык комиссиянын чечимин бекитүү тууралуу буйруктун (тескеменин) көчүрмөсү мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасында электрондук форматта сакталышы мүмкүн.
  • айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын ишин жылдык баалоо мүмкүн болбогон учурда, эгерде бул кызмат орду бош болгондо же айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо, анда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иши айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттеринин аткарылышы убактылуу жүктөлгөн адам, ал эми милдеттерин убактылуу аткаруучу дайындалбаса - баалана турган мезгилдин ичинде кызматтык ишин изилдөөнүн негизинде тийиштүү жергиликтүү кеңештин төрагасы баалайт.

Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы дайындалса, анда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызмат ордундагы анын мурдагы ишин жылдык баалоону тийиштүү жергиликтүү кеңештин төрагасы жүргүзөт.

Эгерде мамлекеттик органдын/жергиликтүүөз алдынча башкаруу органынын аймактык бөлүмчөсүндө баалоо боюнча өз алдынча комиссия түзүлсө, анда 5 пайыздык квота мамлекеттикоргандын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук жана аймактык бөлүмүнүн ар бири үчүн өзүнчө эсептелет.

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы ишке берилгенине байланыштуу жогорудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр да киргизилди. Мисалы, кызматчы жылдык баалоонун жыйынтыгы боюнча отчетту мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук форматта бере алат.