Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Кызматтык териштирүү тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
2019-жылдын 11-октябрындагы №536 “КР Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоонукамсыз кылуу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобосу мындай ченем менен толукталды: Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына тартип комиссиясы тарабынан жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү туурасындагы ушул пункттун жоболору статс-катчыларга, ошондой эле «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамынын 24-беренесинин 2-6, 10 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык кызмат орундарына дайындалышкан кызматчыларга карата жайылтылбайт (анын ичинде вице-мэрлерге жана Бишкек менен Ош шаардык мэрияларынын райондук администрация жетекчилерине, шаарлардын вице-мэрлерине);
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы№ 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- шаардын мэриясынын аппарат жетекчисинин кызмат ордуна конкурс өткөрүүдө төрага болуп вице-мэр (анын ичинде биринчи вице-мэр) эсептелет;
- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат ордуна конкурс өткөрүүдө төрага болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ал жок учурда - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү эсептелет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









