Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутуу жана Мамтапшырык тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
2019-жылдын 11-октябрындагы №536 “КР Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө Жобого мындай өзгөртүүлөр киргизилген: мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыктын алкагында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар (айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, шаарлардын мэрлери) да окутулушу мүмкүн.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө Жобого мындай өзгөртүүлөр киргизилген:
- Мамтапшырыкта электрондук окуу программалары жана окутуунун дистанциялык формасы үчүн модулдары колдонулат;
- Мамтапшырыкты толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүндүгү болбосо, Мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Мамтапшырыкты билим берүүчү уюмдардын арасында жайгаштырат, ошондой эле тренерлерди (консультанттарды) тартуу жолу менен Мамтапшырыкты жүзөгө ашырат. Бул өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин окуу программаларын жана билим берүүчү мекемелерди конкурстук жол менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайыкбирдиктүү тапшырыкчы катары чыккан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тандап алчу.
- Мамлекеттик башкаруу академиясы окутуу графигин мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына жиберет, алар кызматчылардын тизмесин Академияга жиберишет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









