Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
2013-жылдын 9-июлундагы №127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” КР Жогорку Кеңешинин Токтому
2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.САЛИЕВдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кабыл алды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул багыттагы иши жетишсиз деп таанылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так аныктасын жана белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам долбоорлорун 2020-жылын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын толук аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктуна ылайык «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын түзүмү жана штаттык саны боюнча типтүү ченемдерди бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын алып салсын, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын компетенциясына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:
- «2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандыгы үчүн Өкмөт мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин карасын;
- ушул токтомдун 3-пунктун жана 4-пунктунун биринчи абзацын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 15-январына карата берсин.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









