Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мектептеги окуучулардын тамактануусу тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
2019-жылдын 4-декабрындагы №135 “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
2002-жылдын 27-июнундагы №111 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” эски Мыйзамдан айырмаланып, жаңы Мыйзамда ЖӨБ органдарына финансылык мүмкүнчүлүктөрү болгондо, тиешелүү аймакта жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна кошумча каражаттарды бөлүп берүүгө укук берилген. Эски Мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарлары гана жалпы билим берүүчү уюмдардын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун тиешелүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен камсыз кылчу. Мындан тышкары жаңы Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айыл жеринде жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан жер үлүштөрүн бөлүп берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









