Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары үчүн КР Каржы министрлиги менен бирдикте өткөрүлгөн семинар. Максат: эки тепкичтүү бюджет

2012-03-30 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

Жалпысынан семинарга 1067 адам катышты, алардын 634ү Бишкекте жана 433 адам Ошто болду.

2012-жылдын 29-февралында Бишкек шаарында, 19-мартында Ош шаарында КР Каржы министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институтунун кызматташтыгынын алкагында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан уюштурулган “Орто мөөнөттүү туруктуулук жана татыктуу жашоо программасы: Эки тепкичтүү бюджетке өтүү шарттарында бюджет аралык мамилелердин системасын жакшыртуу” деген темада масштабдуу семинар өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы айыл аймактарынын башчылары жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Каржы министрлигинин жана Борбордук казыналыктын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, башка мамлекеттик мекемелер жана ММК катышты.

Жалпысынан семинарга 1067 адам катышты, алардын 634ү Бишкекте жана 433 адам Ошто болду. Иш-чара эки тепкичтүү бюджетке өтүүгө байланыштуу жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстеги өзгөрүүлөр тууралуу ЖӨБ органдарын маалымдоо максатында уюштурулду.

Мындай масштабдуу жана өтө актуалдуу семинар жалпы мамлекеттик мааниге ээ болду. Анткени Өкмөт КР Каржы министрлигинин атынан көп убакыттан бери биринчи жолу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын чогултуп, алар менен бюджет темасын ушундай сандык жана сапаттык курамда талкуулады. ЖӨБ органдарынын башчылары жана каржы кызматкерлери менен Каржы министрлигинин аймактык өкүлдөрү министрден, ЖК депутаттарынан, өкмөттүн мүчөлөрүнөн, эксперттерден реформалар жана жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин өсүш ыктымалдуулугу тууралуу эң акыркы жаңылыктарды алуу үчүн чогулду. Семинардын ар бир катышуучусу жаңы нормативдик акттарды жана ЭҮЖӨБОЖ долбоорун ишке ашыруунун алкагында чыгарылган трансферттик саясат тууралуу деталдуу маалыматты камтыган басылманы алды.

Мындай масштабдуу жана татаал иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгашалар негизинен “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында каржыланды.

Окшош материалы: