Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык бюджетти түзүү үчүн WEB-тиркеме: аны кантип колдонуш керек?

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жарандык бюджетти түзүү үчүн WEB-тиркеме: аны кантип колдонуш керек?

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ /// Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

2019-жылдын апрель айынан июлга чейин Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Ош облустарынын айылдык аймактарынын жана шаардык муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн бир күндүк тренингдер өттү. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери да катышты. Төрт облустагы ЖӨБ органдарынын окуудан өткөн катышуучуларынын жалпы саны 525 адам болду. Алардын ичинен 308и - аялдар.

Азамат МАМЫТОВ, тренер, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалдык финансы боюнча адиси: «Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн WEB-тиркеме ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Бул WEB-тиркеме жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык жарандык бюджетти түзүү боюнча ишин жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле WEB-тиркеме «Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү методикасынын» негизинде даярдалды. Бул Методика 2017-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин №166-Б буйругу менен бекитилген. Тренингдин практикалык бөлүгүндө бардык зарыл болгон маалыматтар WEB-тиркемеге киргизилет. Андан соң адамдардаөзүнүн айылдык аймагынын жарандык бюджети менен таанышып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Сайттын дареги: http://gb.minfin.kg».

Тренингдердин программасына ылайык, катышуучулар жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо жана аны аткаруу боюнча коомдук угууларды уюштуруп, өткөрүү тууралуу кошумча маалыматка ээ болушту. Өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды тиркемеге киргизүүнүн графиги түзүлдү. Ал эми айрым муниципалитеттердин ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угуулардын маалында http://gb.minfin.kg сайтынан диаграммаларды жана башка маалыматтарды колдоно алышты.

Тренингдерди ЭҮЖӨБОЖ Долбоору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана бул министрликтин Окуу борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) менен биргелешип уюштуруп, өткөрүштү.

 

Окшош материалы: