Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ивановка айылдык аймагындагы Курултай

2012-03-30 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

2012-жылдын 2-мартында Ивановка айылдык аймагында 2011-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2011-2013-жж. өнүгүү Стратегиясынын 2012-жылга болгон маселелерине арналган Курултай болуп өттү.

2012-жылдын 2-мартында Ивановка айылдык аймагында 2011-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2011-2013-жж. өнүгүү Стратегиясынын 2012-жылга болгон маселелерине арналган Курултай болуп өттү. Курултайда 160тан ашуун адам катышып, алардын арасында Курултайдын делегаттары, коноктор, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Кудайбергенов Б.Ж. жана райондук кызматтардын жетекчилери болушту. Курултайдын күн тартибинде бир маселе – Ивановка айылдык аймактын башчысы Мурат Байдылдаевдин аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана айыл өкмөтүнүн 2011-жылы жасаган иш-аракеттери тууралуу отчету болду. Жергиликтүү калкты кененирээк маалымдоо максатында ЭҮЖӨБОЖС долбоору тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жардамдын алкагында Курултайдын катышуучулары менен саламдашуу баннери жана, аймак башчысынын 2011-жыл үчүн отчету, 2012-жылга пландар жана аймактын башчысынын демилгечи топтун курамын бекитүү тууралуу токтому камтылган таркатылуучу материалдар даярдалды. Маалымат: Демилгечи топтор жергиликтүү коомчулуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу демилгесин өнүктүрүү жана чечим кабыл алуу процессинде катышуусун активдештирүү максатында түзүлгөн.

Окшош материалы: