Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө» Токтому
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартибин бекитти. Бул Тартип үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыртарткан адамдарга жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам берилет жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо көрсөтүлөт. Жабыр тарткандарга жардам юстиция органдарын, аймактык адвокатураларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын тартуу менен ички иштер, социалдык өнүктүрүү, балдарды коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (кризистик борборлор, консультациялык-алдын алуу борборлору) тарабынан көрсөтүлөт. Тартипке ылайык, жабыр тарткан адам мэрияга/айыл өкмөтүндө кайрылган учурда/мындай факты аныкталганда алар:
1) аймактагы коомдук өз алдынча башкарууларды тартуу менен тейлеген аймакта үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүнү уюштурушат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер аркылуу жардам беришет;
3) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына маалымдашат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









