Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарына социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 235 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун андан ары ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүүжөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмеги жаңыланды. Мамлекеттик органдардын тизмегине Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кошулду. Бул министрлик ЖӨБ органдарына төмөнкүдөй функцияларды өткөрүп бере алат:

1. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу:

  • уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарынан;
  • аймактык мамлекеттик органдардан;
  • үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен;
  • ведомство аралык рейддердин, акциялардын, жыйындардын, калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо:

  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана/же балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу;
  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын турак жай тиричилик шарттарын текшерүү;
  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн социалдык паспортун жүргүзүү;
  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо;
  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо.

3. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү:

  • ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо;
  • турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;
  • үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу;
  • баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу;
  • турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана/же үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилди:

  • 16 жашка чыккан жарандардан паспорт берүүгө документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
  • баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;
  • никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүктү берүү;
  • өлгөндүктү каттоо, ошондой эле өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү;
  • аталыкты аныктоо, ошондой эле аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
  • жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
  • «балага сүйүнчү» арызын каттоо.