Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

2019-жылдын 26-июнундагы №76 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда пайда болгон мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында киргизилди.

Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр киргизилди: демпингдик баа - жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга берүүчү (подрядчы) тарабынан сунуш кылынган, айрым сатып алуучу уюм тарабынан пландалган сатып алуулардын суммасынан мамлекеттик сатып алуулардын бардык усулдарына 20 пайыздан ашыкка төмөн болгон баа; эки пакеттүү ыкма - эки этапта өткөрүлүүчү конкурсту бир этаптык усул менен өткөрүү жол-жобосу: биринчи этапта конкурстук табыштамалардын сатып алуучу уюмдун квалификациясына жана техникалык талаптарына ылайык келүүсүнө баа берүү жүзөгө ашырылат жана экинчи этапта эң аз бааланган нарк боюнча жеңүүчүнүн аныкталышына баа берүү жүзөгө ашырылат. Мыйзамга ылайык, бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө байланышкан иш-аракеттер «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы менен каралбайт. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.