Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө
2019-жылдын 22-июлундагы №95 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Мыйзам укук колдонуу практикасын эсепке алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө өлкөнүн мыйзамдарын өркүндөтүү, МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мөөнөттөрүн кыскартуу максатын көздөйт. Аны менен катар Мыйзам долбоорунда колдонулган «мамлекеттик өнөк» түшүнүгү кеңейтилди. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик өнөк – аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздары мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун бир же бир нече мамлекеттик органдары. Мыйзам мамлекеттик өнөктүн тарабынан бир же бир нече субъект чыгышына укук берет.
Ошону менен бирге «кызыкдар жак», «тендердин катышуучусу», «консорциум», «тендерге катышуу үчүн квалификацияны суратып алуу», «МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу сунуш» өңдүү жаңы түшүнүктөр кирди. Тендердик документтердин көлөмү кыскарды, жеке өнөктү тандап алуу боюнча тендерди өткөрүүнүн жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонбостон МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруунун жол-жоболору такталды.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









