Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү шайлоонун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди: шайлоонун мезгилдүүлүгү, ДМЧА укуктары жана башкалар жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

Нуржан МАМЫРАЛИЕВА, КР ЖӨБ Союзу жана ӨСИ үчүн

2019-жылдын 8-августундагы №117 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамы.

Кабыл алынган Мыйзам 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында каралган тапшырмаларды аткаруу максатын көздөйт. Аталган Стратегия Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 2018-жылдын 13-августунда өткөн VII отурумунда кабыл алынган. Стратегияны Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ иштеп чыккан. Жумушчу топ 2013-жылдын 22-майында КР Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн.

Шайлоонун мезгилдүүлүгү

Ошентип, Мыйзамга ылайык, жылдын апрель айынын экинчи жекшембиси жана октябрь айынын экинчи жекшембиси добуш берүү күнү болуп саналат. Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-декабрдан 31-декабрга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн жылдан кийинки жылдын апрель айынын экинчи жекшембисинде өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-январдан 31-майга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн жылдын апрель айынын экинчи жекшембисинде өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-июндан 30-ноябрга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган жылдын октябрь айынын экинчи жекшембисинде, ал эми Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү жылы – көрсөтүлгөн шайлоолордо добуш берүү күнүндө өткөрүлөт.

Жарандарды шайлоо процессине тартууну жакшыртуу боюнча чаралар.

Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, биометрикалык каттоодон өтүү процессин жөнөкөйлөштүрүп, аларды шайлоочулардын тизмесине кошуу максатында мыйзам:

1) шайлоочулардын мамлекеттик порталы, шайлоочулардын алдын ала, контролдук жана акыркы тизмеси түшүнүктөрүн конкреттештирди (2-берене);

2) шайлоочулардын мамлекеттик порталында «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүү менен шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет (13-берене).

3) шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иш-аракеттердин негизги комплексин, анын ичинде шайлоочуну идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктарды ыйгарым укуктуу органдан (МКК) Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет, мында өз ара аракеттенүүнүн жаңы тартиби такталган (13-берене);

4) добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилин көбөйтөт (13-берене).

ДМЧАнын шайлоо укуктарын камсыз кылуу

1) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүчү бөлмөгө кирүүсүн камсыз кылуу үчүн талаптар коюлду. Мыйзамга ылайык, тийиштүү шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына канчалык жооп берээрин текшерүүнү уюштурат. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартат. Эгерде добуш берүүчү жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирүүсү үчүн атайын түзүлүштөр менен жабдылбаса, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү талабын жөнөтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет»;

2) маалыматтык тактага, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн ыңгайлаштырылган Брайль шрифтин колдонууга карата талаптар коюлган (22-берене).

4) талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын басып чыгаруусуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар адаптацияланган үгүт материалдарын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгаруусуна карата талаптар коюлду (27-берене).

Пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу

Шайлоо органдарынын сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүлөр киргизилди:

1) талапкердин билими орто жалпы билимден кем болбошу керек (3-берене);

2) соттуулук боюнча чектөөлөр (3-берене);

3) талапкер (партия тарабынан көрсөтүлгөн) жана катталган талапкер түшүнүктөрү бөлүп каралды (2-берене);

4) катталган талапкердин ишинде кепилдиктер пайда болгон учур жана алардын күчүндө болгон мөөнөтү белгиленди (17-берене);

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер тапшырчу документтерди тизмеги толукталды (53-берене): 1) башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө; соттуулугунун жоктугу же болбосо эгерде талапкер учурдагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо, талапкер соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө документтер; 2) ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук.

Гендердик теңдикти камсыз кылуу

Жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын көбөйтүү максатында Мыйзам менен айылдык кеңештердин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу жана резервге калтырылган мандаттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жоболор киргизилди (591, 62-беренелер).