Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБЭММА жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары үчүн семинар өткөрүүдө

2020-03-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБЭММА жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары үчүн семинар өткөрүүдө

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик 2019-жылдын 19-декабрында семинар өткөрдү. Кыргызстандын жети облусунан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары үчүн өткөн семинар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги актуалдуу маселелер” деген темада болду.

“Семинар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын дараметин жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты практикасын жайылтуу үчүн тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Семинардын алкагында катышуучуларга “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары – 2030” Улуттук серебин даярдоо боюнча жасалып жаткан иштер, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу “Электрондук өз ара аракеттешүү борбору” мамлекеттик ишканасынын иши тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде Бузуулар жөнүндө кодексти колдонуудагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланды”, - деп айтып берди ЖӨБЭММАнын директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ.

Семинардын жүрүшүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобо, Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу Типтүү жобо, Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер Планын (ККЖИП) даярдоо боюнча методикалык колдонмо тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулардын айтымында, семинардын жардамы менен алар “ЖӨБОдогу жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Жоболорду”, “Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын” даярдоо жана муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашып, маалымат алышты.

Семинар Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылап, ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдары консорциумда аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорлорунун колдоосу менен уюштурулду.

 

Окшош материалы: