Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Нарын облусунун Кара-Суу айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

2020-03-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Нарын облусунун Кара-Суу айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушуу Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу жана Чукул Элчиси Вероник УЛЬМАНН айымдын Нарын облусундагы расмий сапарынын алкагында өттү.

2019-жылдын 28-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу элеттик муниципалитетинде ЖӨБ органдары менен ШвейцариянынКыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу жана Чукул Элчиси Вероник УЛЬМАНН айым, Элчиликтин өкүлдөрү Люсьен ЭГЕРТЕР мырза жана Тунжур КУДАБАЕВ мырза, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк ТАБЫЛДИЕВ, айылдык кеңештин төрагасы Канат ЖУМАБЕКОВ жана депутат Динара МАКСҮТОВА, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы, Долбоордун айылдык аймактагы координатору Болот САДЫКОВ жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ, жетекчинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ, облустагы координаторлор Акысбек ДОСОЕВ жана Табылды БАЙБАГЫШЕВ катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кара-Суу муниципалитетинин акыркы үч жылда Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жетишилген жыйынтыктары, алынган сабактар, техникалык жардамы жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

“Бул убакыт ичинде биз көп нерсени үйрөнүп, жаңы билим алдык деп айтканыбыз аздык кылат. Биздин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтыгыбыз чындап эле көп кадыресе нерселерге көзүбүздү ачты, биз аларды мурда элес алчу эмес экенбиз. Мисалы, жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо жана коомдук бюджеттик угуулар. Бул эки аспаптын жардамы менен биз жергиликтүү калк менен диалогду түзө алдык. Мурда биз бюджетти кантип бөлүштүрүп келгенбиз? Биз, ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттин каражатын жарыктандырууга, жолдорду оңдоого же дагы бир нерсеге багытташ керек деп калктын пикири менен эсептешпей эле айылдык кеңеш менен чогуу өзүбүз эле чечип койчубуз. Бирок бул маселелердин баары жергиликтүү калк менен талкууланышы керектигин, чогуу чечим кабыл алуу көптөгөн чыр-чатактардын алдын алууга жардам берээрин түшүндүргөндөн кийин биздин катабыз эмнеде болгонун баамдадык. Мындан тышкары жашоочулардын ар бир пикирин биз сын катары кабыл алчубуз. Эми болсо мындай сын бизге мындан да жакшы иштөөгө жардам берээрин түшүндүк. Мунун баары Долбоордун алкагында өткөн тренингдердин, семинарлардын, окуу сапарларынын, консультациялардын жана жөн гана пикир алмашуунун натыйжасында болду”, - деп айтты айыл өкмөт башчысы Сүйүндүк ТАБЫЛДИЕВ.

Жолугушууда гендердик теңдик, аялдардын жергиликтүү маанидеги чечимдерди кабыл алууга катышуусу, социалдык маселелерди аныктап, аларды көтөрүп чыгуудагы аялдардын ролу тууралуу маселе да козголду. Муниципалитетте бул маселе боюнча кырдаалды айылдык кеңештин депутаты Динара МАКСҮТОВА айтып берип, алдыдагы шайлоодо аял депутаттар көбүрөөк болот деп үмүт артты.

Тараптар ошондой эле бюджеттик процессте ЖӨБ органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун маанисин, көмөкчү аспаптардын жана окутуучу иш-чаралардын ролун талкуулашты.

Долбоордун айылдык аймактагы координатору Болот САДЫКОВ жарандык бюджетке өзгөчө басым жасады. Анын ырасташынча, жергиликтүү бюджеттин киреше булактары жана чыгашалары тууралуу сөз болгондо жарандык бюджет калк менен иштөөдө алардын негизги жардамчысына айланды: “Дал ушул жарандык бюджет жергиликтүү бюджеттин каражатынын айланасындагы көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди. Анткени финансы-экономикалык бөлүм башчысынын техникалык отчету канчалык мыкты болбосун, аны түшүнүү өтө оор. Ал бюджетти адис гана түшүнөт. Ал эми жарандык бюджетте биз канча акча түшөөрүн, кайдан түшөөрүн, кайда сарпталаарын жалпак тил менен жеткиребиз. Мындан тышкары Долбоордун жардамы менен биздин муниципалдык веб-сайт түзүлгөндөн бери биз болгон материалдарды күн мурдатан коомдук иш-чаралардын алдында сайтка жайгаштырганга аракет кылабыз. Ошондо адамдарда бардык сандар менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болот”.

Талкуу бүткөндөн кийин жолугушуунун катышуучулары Долбоор (Чакан гранттар программасынын алкагында) берген гранттык акчанын эсебинен оңдолуп чыккан элеттик клубду жана инвестицияларды тартуунун эсебинен курулган жаңы мектепти кыдырып чыгышты.

 

Окшош материалы: