Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2019-жылдын конкурстарынын жыйынтыктары

2020-03-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
2019-жылдын конкурстарынын жыйынтыктары

2019-жылы Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору Чүй, Ош жана Нарын облустарынын ЖӨБ органдарынын (айыл өкмөттөрү жана Кемин шаарынын мэриясы) арасында төрт конкурс жарыялаган (http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/). Жалпысынан аталган төрт конкурска 174 табыштама келип түшкөн жана алардын жыйынтыгы 2019-жылдын ноябрь айынын соңунда чыгарылды. Бардык конкурстардын байге каражаттары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдары бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алууга багытталды. Төрт конкурстун жалпы байге фонду 3 миллион 165 миң сомду түздү.

“Жергиликтүү демилге – 2019” конкурсунун жыйынтыгы

Конкурс 2019-жылдын 15-июнунан 15-сентябрына чейинки мезгил аралыгында өттү. Жалпысынан конкурска 100 өтүнмө түштү.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  • КОШМАНБЕТОВ А.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду пландоо жана координациялоо секторунун жетектөөчү адиси;
  • ИМАНОВ К.А., КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары;
  • МУСАЕВА А.М., Долбоордун өкүлү;
  • ИСМАИЛОВ А.К., ӨСИнин өкүлү.

Конкурстук комиссия пилоттук аймактардын катышуучуларынан түшкөн 100 өтүнмөнү карап чыгып, аларга баа берип, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

1. “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкүлөр табылды:

  • 1-орун – “Таза суу – келечек муунду сактап калуу”, өтүнмөнүн ээси – КАНЫМБЕКОВ Адилет, Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаты, 150 000 сомго байге ыйгарылат.
  • 2-орун – “Таза суу – ден соолуктун булагы”, өтүнмөнүн ээси – ПИРМАТОВ Тойчубай, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаты, 120 000 сомго байге ыйгарылат.
  • 3-орун – “Суу – бул керемет, суу – бул жашоо”, өтүнмөнүн ээси – АБДРАХМАНОВА Жамиля, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн адиси, 100 000 сомго байге ыйгарылат.

2. 25 өтүнмө 35 000 сомго чейинки шыктандыруучу байгеге ээ болду:

  • “Суу – жашоо булагы” (өтүнмөнүн ээси – ЖАБИЕВ Адил), Кызыл-Суу АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Айылды көрктөндүрүү” (өтүнмөнүн ээси – КОШМОКОВА Назгүл, АӨнүн жетектөөчү адиси), Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Бала бакчадан түшкөн пайданы жайытка” (өтүнмөнүн ээси – ИСАКОВА Үпөл, мектепке караштуу бала бакчанын директору), Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
  • “Таза суу – жашоо булагы” (өтүнмөнүн ээси – ЛЕБУЗОВ Шамур, демилгелүү топтун мүчөсү), Александровка АА, Чүй облусунун Москва району;
  • “«Байыш нуру» бала бакчасын таза суу менен камсыз кылуу” (өтүнмөнүн ээси – МАМАТОВА Кызайым, бала бакчанын директору), Кеңеш АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • “Демилгелүү жаштардын борбору. Элеттик жаштар өнүгүү жолунда” (өтүнмөнүн ээси – ОРОЗАЛИ уулу Таалайбек, мугалим), Ленин АА, Ош облусунун Алай району;
  • “Окуучулардын коопсуздугу – ата-энелердин санаасы” (өтүнмөнүн ээси – ЖАЛИЛОВ Нурбек, мектептин директору), Кашка-Суу АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
  • “Суу – бул жашоо” (өтүнмөнүн ээси – ЖОЛДОШЕВ Максатбек), Найман АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • “Алыш айылынын инфраструктурасын жакшыртуу” (өтүнмөнүн ээси – АБДЫКАДЫРОВ Адилет, АУА адиси) Дөбөлү АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Маданият үйү таланттарды ачат” (өтүнмөнүн ээси – БЕЙШЕКЕЕВА Чолпон, АӨнүн башкы адиси), Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;
  • “«Зам-Зам» ТСКАКБнын иши” (өтүнмө ээси – ТОКТОСУН кызы Зубайда, китепканачы), Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Биз – келечек, ал эми келечек жаштардыкы” (өтүнмөнүн ээси – НАДЫРОВА Тахмина, юрист), Ленин АА, Чүй облусунун Аламүдүн району;
  • “Ачык асман алдындагы музей” (өтүнмөнүн ээси – УЗЕКЕЕВА Зуура, мектептин директору), Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району;
  • “Тартип бар жерде тазалык да болот” (өтүнмөнүн ээси – АЛИЯСКАРОВ Бакыт, муниципалдык ишкананын директору), Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Бала күлсө, дүйнө да кубанат” (өтүнмөнүн ээси – ЫСАКБАЕВА Азадахан, бала бакчанын директору), Маңгыт АА, Ош облусунун Араван району;
  • “Көчөлөрдү жарыктандыруу” (өтүнмөнүн ээси – БАТЫРКУЛОВА Элнура, АӨнүн адиси), Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
  • “Достук – ийгиликтин ачкычы” (өтүнмөнүн ээси – ЭСЕНГЕЛДИЕВ Жакия, айыл тургуну), Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Тазалык – бардыгы үчүн” (өтүнмөнүн ээси – САДЫКОВ Болот, АӨнүн адиси), Кара-Суу АА, Нарын облусунун Кочкор району;
  • “Бөбөктөр жакшы жашоого татыктуу” (өтүнмөнүн ээси – ЖОЛДОШЕВА Айтихан, бала бакчанын директору), Шарк АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Келечекке карай жаңы жол” (өтүнмөнүн ээси – ӨМҮРАЛИЕВ Осмонбек, АӨ башчысы), Учкун АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Балдар – биздин келечегибиз” (өтүнмөнүн ээси – САРБАЕВА Күлүмбүбү, мэриянын адиси), Кемин шаары, Чүй облусу;
  • “Тигүүчү цех” (өтүнмөнүн ээси – АМАТОВА Алима, демилгелүү топтун лидери), Ылай-Талаа АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району;
  • “Айылды ар тараптан өнүктүрүү” (өтүнмөнүн ээси – КАЛЫБЕК уулу Бектур) Мады АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Ден соолугу бекем адамдын акылы да тунук болот” (өтүнмөнүн ээси – ДЕНИСЕНКО Татьяна, мугалим), Юрьевка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;
  • “Элеттиктердин достугу – өнүгүүнүн өзөгү”, (өтүнмөнүн ээси – ШИШБАШЕВА Бактыгүл, АӨнүн ээси), Таш-Мойнок АА, Чүй облусунун Аламүдүн району.

3. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктарын Долбоордун сайтына жарыяласын.

4. Долбоор жеңүүчүлөрдү жазуу түрүндө кабарландырып, байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

5. Долбоорго конкурстун шарттарына ылайык байгенин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу тапшырылсын.

 

“Жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө реалдуу катышуусу – 2019” конкурсунун жыйынтыгы

Конкурс Кыргыз Республикасынын Ош, Нарын жана Чүй облустарынын муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн.

Комиссиянын курамы:

  • ИСАЛИЕВА В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын ЖӨБ органдарынын ишин уюштуруу, методикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • НУРУМБЕТОВ С.Б., КР Финансы министрлигинин Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын бюджет аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси;
  • МАМЫТОВ А.Т., Долбоордун өкүлү;
  • ИСМАИЛОВ А.К., ӨСИнин өкүлү.

Конкурстук комиссия пилоттук аймактардын катышуучуларынан түшкөн 35 өтүнмөнү карап чыгып, аларга баа берип, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

1. “Жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкү өтүнмөлөр табылсын:

  • 1-орун – Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району, 150 000 сом суммасына байге ыйгарылсын;
  • 2-орун – Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району, 120 000 сом суммасына байге ыйгарылсын;
  • 3-орун – Гроздь АА, Чүй облусунун Аламүдүн району, 100 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.

2. Төмөнкү 17 өтүнмө 35 000 сомго чейинки шыктандыруучу байгеге ээ болду:

  • Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • Ак-Кудук АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • Биринчи май АА, Чүй облусунун Москва району;
  • Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району;
  • Дөбөлү АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • Ак-Суу АА, Чүй облусунун Москва району;
  • Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • Терек АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
  • Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • Александровка АА, Чүй облусунун Москва району;
  • Краснореченка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;
  • Курама АА, Чүй облусунун Панфилов району;
  • Ак-Башат АА, Чүй облусунун Жайыл району;
  • Бүлөлү АА, Ош облусунун Алай району;
  • Кызыл-Тоо АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • Учкун АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • Ылай-Талаа АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району.

3. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктарын Долбоордун сайтына жарыяласын.

4. Долбоор жеңүүчүлөрдү жазуу түрүндө кабарландырып, байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

5. Долбоорго конкурстун шарттарына ылайык байгенин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу тапшырылсын.

 

“Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эсепке алуу менен жергиликтүү деңгээлде пландоо – 2019” конкурсунун жыйынтыгы

Конкурс 2019-жылы биринчи жолу өткөрүлдү, бирок буга карабастан 26 өтүнмө түштү.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  • ДАВЛЕТБАКОВА В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду пландоо жана координациялоо секторунун жетекчиси;
  • ИМАНОВ К.А., КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары;
  • МАЙРАМБЕКОВ С.А., Долбоордун өкүлү;
  • ИСМАИЛОВА А.К., ӨСИнин өкүлү.

Конкурстук комиссия пилоттук аймактардын катышуучуларынан түшкөн 26 өтүнмөнү карап чыгып, аларга баа берип, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

1. “Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эсепке алуу менен жергиликтүү деңгээлде пландоо” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкү өтүнмөлөр табылды:

  • 1-орун – Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району, 100 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.
  • 2-орун – Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району, 80 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.
  • 3-орун – Ленин АА, Чүй облусунун Аламүдүн району, 70 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.

2. Төмөнкү 6 өтүнмө 35 000 сомго чейинки шыктандыруучу байгеге ээ болду:

  • Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;
  • Күнтуу АА, Чүй облусунун Сокулук району;
  • Кызыл-Туу АА, Чүй облусунун Сокулукрайону;
  • Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
  • Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
  • Фрунзе АА, Чүй облусунун Панфилов району.

3. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктарын Долбоордун сайтына жана “Муниципалитет” журналына жарыяласын.

4. Долбоор жеңүүчүлөрдү жазуу түрүндө кабарландырып, байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

5. Долбоорго конкурстун шарттарына ылайык байгенин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу тапшырылсын.

 

Кайсы Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун тажрыйбасы мыкты деп таанылды?

Бул конкурс коомчулуктун катышуусу менен жергиликтүү деңгээлде мониторинг системасын киргизүү тажрыйбасына дем берүү максатында “Жергиликтүү демилге – 2019” сынагынын алкагында өткөрүлдү.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  • КОШМАНБЕТОВ А.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду пландоо жана координациялоо секторунун жетектөөчү адиси;
  • ИМАНОВ К.А., КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары;
  • БАЛАКУНОВА А.Ж., Долбоордун өкүлү;
  • ИСМАИЛОВА А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;

Конкурстук комиссия пилоттук аймактардын катышуучуларынан түшкөн 13 өтүнмөнү карап чыгып, аларга баа берип, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

1. “Жергиликтүү демилге” (Коомчулуктун катышуусу менен жергиликтүү деңгээлде мониторинг системасын киргизүү тажрыйбасына дем берүү үчүн атайын фонд) конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкү өтүнмөлөр табылды:

  • 1-орун – Александровка АА, Чүй облусунун Москва району, 100 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.
  • 2-орун – Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району, 80 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.
  • 3-орун – Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району, 70 000 сом суммасына байге ыйгарылсын.

2. Төмөнкү 7 өтүнмө 35 000 сомго чейинки шыктандыруучу байгеге ээ болду:

  • Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;
  • Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району;
  • Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • Боролдой АА, Чүй облусунун Кемин району;
  • Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • Кызыл-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук району;
  • Маңгыт АА, Ош облусунун Араван району;

3. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктарын Долбоордун сайтына жана “Муниципалитет” журналына жарыяласын.

4. Долбоор жеңүүчүлөрдү жазуу түрүндө кабарландырып, байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

5. Долбоорго конкурстун шарттарына ылайык байгенин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу тапшырылсын.

 

Окшош материалы: