Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү демилгелерин кантип колдой алат?

2020-03-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү демилгелерин кантип колдой алат?

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ /// Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Чүй облусундагы алты элеттик муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү жергиликтүү демилгелерди колдоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын реалдуу катышуусун жогорулатуу аспаптары боюнча жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту.

2019-жылдын 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Бишкекте практикалык тренинг өттү. Тренингге Кызыл-Туу жана Күнтуу (Сокулук району), Бурана (Чүй району), Гроздь жана Аламүдүн (Аламүдүн району), Юрьевка (Ысык-Ата району) жана Петровка (Москва району) айылдык аймактарынын өкүлдөрү чакырылды.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүү бюнча эл аралык жана кыргызстандык тажрыйбалар менен таанышып, КРдагы жергиликтүү демилгелердин укуктук негиздери, ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Жобону киргизүүнүн жол-жоболору тууралуу маалымат алышты.

Катышуучулар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган түрдүү темаларга конкурстарды өткөрүү үчүн кулактандырууну жана долбоордук сунуштарды даярдашты. Мисалы, Күнтуу аймагы: “Спортту өнүктүрүү аркылуу жаштарды бириктирүү”, Кызыл-Туу аймагы: “Айылдын көчөлөрү, чогуу жооп берели!”, Бурана аймагы: “Сейил бакты тосмолоо”, Юрьевка аймагы: “Маданиятты өнүктүрүү”, Гроздь аймагы: “Сейил бакты көрктөндүрүү – бул жаштарга бош убакытты туура пайдалануусу үчүн шарт түзүү”, Аламүдүн аймагы: “Жаштар арасында “Ыр кесе” сынагы”, Петровка аймагы: “Көчөлөрдү жарыктандыруу”.

Тренингдин жыйынтыгы боюнча ар бир муниципалитет Жобону киргизүү боюнча өз иш планын даярдап, жооптуу адамдарды жана аткаруу мөөнөтүн көрсөттү.

Катышуучулар жергиликтүү демилге ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ишин аткарбашы керектигин белгилешти. Ушул өңдүү тренингдер Нарын жана Ош облустарында Долбоордун өнөктөш жана максаттуу муниципалитеттери үчүн да өткөрүлүп келатат.

Окшош материалы: