Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 Токтому

2012-03-30 / МЫЙЗАМДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” жана 2012-жылдын 10-февралындагы №87 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформалоого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө” токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы № 2 тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл функциясын кошпогондо, укуктук мураскери болуп эсептелери белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.

* * *

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” гезитинин 2012-жылдын 23-февралында №16 санында жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Ө.Бабанов