Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн райондордун жергиликтүү бюджеттерин жоюу тууралуу 2012-жылдын 3-февралындагы № 32-р Буйругу

2012-03-30 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттерин жоюуга байланыштуу

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттерин жоюуга байланыштуу:

1. Тиркемелерге ылайык (1-8), буга чейин райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган бюджеттик мекемелерди тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун карамагына киргизүү менен республикалык бюджеттен каржыланууга өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине:- 2012-жылдын январынан тарта райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган бюджеттик мекемелердин каржы операцияларын жүргүзүү токтотулсун;

- 2012-жылдын 1-январына карата райондордун жергиликтүү бюджеттеринде 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча калып калган бюджеттик каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине которулсун;

- 2012-жылдын 1-январына карата буга чейин райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары боюнча калдыктары республикалык бюджетке которулсун;

- “Кыргыз Республикасынын 2012-жылга карата республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин: райондордун жергиликтүү бюджеттерине жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүүнүн ченемдери боюнча жана башка кирешелер республикалык бюджетке которулсун; райондордун жергиликтүү бюджеттеринен республикалык бюджеттердин каржылануусуна өтүп жаткан бюджеттик мекемелерди каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын бюджетинин 1/12 көлөмүнүн бөлүгүнүн чегинде ишке ашырылсын.

3. Министрликтер жана административдик ведомстволор буга чейин райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган бюджеттик мекемелерди ушул буйруктагы тиркемеге ылайык, 2012-жылга республикалык бюджеттин долбооруна киргизсин.

4. Министрликтин жана административдик ведомстволордун жетекчилери 2012-жылдын 1-январынан тарта аларга өткөрүлүп берилген мекемелерди каржылоо үчүн жооптуу болушат.

5. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук 2012-жылдын 9-январынан тарта күчүнө киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Ө.Бабанов