Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ивановка, Төрт-Күл жана Ленин айылдык аймактарынын тургундары жамааттын акчасын эмнеге сарптаарын өздөрү чечишти

2012-04-30 / Жарандык катышуу

Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусунун моделин үч пилоттук айылдык аймакта– Ивановкада, Төрт-Күлдө жана Ленинде сынады.

Султан Майрамбеков, Анара Мусаева, Айнура Балакунова, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун адистери

Адамдардын демилгеси долбоорлордо ишке ашыш керек

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусунун моделин үч пилоттук айылдык аймакта– Ивановкада, Төрт-Күлдө жана Ленинде сынады. Артыкчылыктуу маселелерди аныктагандан кийин муниципалитеттерде демилгелүү топтор түзүлүп, аларга айылдын активисттери, айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирди. Иш планы түзүлүп, атүгүл аларды ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар да жасалды. Бирок демилгелүү топтор үчүн өзгөчө маанилүүсү – маселени чечүү үчүн аны долбоордо сүрөттөө. Бул демек жөнөкөй жарандардын демилгеси түзүлөт, аны башкалар угат жана ишке ашырат дегенди түшүндүрөт. Биз бул үч жамаатта артыкчылыктуу көйгөйлөр кайсы долбоорлорго киргенин, бул долбоорлордун сынагы кантип өткөнүн жана алардын кийинки тагдыры кандай болоорун айтып беребиз.

Өз ара бир пикирге келүү –ийгиликтин жарымы

Өз жамааттарындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн демилгелүү топтор түзүлдү: Ивановка АА – 4 топ, Төрт-Күл АА – 4 топ, Ленин АА – 10 топ. Маанилүү ролду демилгелүү топтун курамы ойноду. Алгачкы жолу ЖК депутаттары, АӨ кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маселени чечүү боюнча биргелешкен иш алып барды. Үч тарап тең өз ара жакындашып, бири бирин толуктап турду.

Болочокто курамына үч тарап кирген Демилгелүү топтордун иш практикасы ЖӨБ органдарынын аброюнун артышына жана калктын аларга карата ишенимине алып келет.

Активдүү жаран, жамааттын мүчөсү конкреттүү көйгөйдү аныктоого, иш аракеттерди пландоого башынан баштап эле аралашканда гана аны чечүү үчүн активдүү иштейт. Ленин АА жаралган көйгөйлөрдүн себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо боюнча алгачкы жолугушууда анын катышуучулары “алардын пикирлерин эч ким укпаарын, жолугушууда айтыла турган маселелер чечилберин, бул жерге бекер эле чогулуп, убакыт текке кетип атканын” айтып жатышты. Анткен менен алардын көпчүлүгү долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы иш-чараларга активдүү катышты: Апсатар Бөрүкулов – “Орто-Сай айылында узундугу 1 500 метр болгон суугаруучу каналдын курулушу” долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш тобун жетектеди, Эралы Мавлянов – Ленин АА боюнча долбоорлоруна биргелешип мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча жумушчу топтун курамына кирди. Ивановка АА биринчи чогулушта катышуучулар дээрлик суроо узатышкан жок, бирок коомдук угууларда Кириш маалынын соңунда абдан активдүү катышты. Билим берүү, жолдор, жарыктандыруу ж.б. боюнча суроолор абдан көп узатылды. Тургундар өз пикирлерин билдирип, ЖӨБО кызматташуунун жолдорун сунуштап жатышты.

Пилоттук айыл аймактарында башкы артыкчылык болуп – инфраструктуралык көйгөйлөр табылды. Кырдаалды деталдуу изилдегенден кийин демилгелүү топ (ДТ) көйгөйдү долбоордо чагылдырууга киришти. Долбоорду иштеп чыгууга ЭҮЖӨБОБП Долбоорунун гранттык программасы дем берди. Анын алкагында муниципалитеттер долбоорду аткаруу үчүн каржылык колдоо алышмак.

Долбоорду даярдоо процесси кантип жүрдү?

ДТ мүчөлөрү “Долбоорду иштеп чыгуу жана башкаруу” жана “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” деген темада алдын ала тренингден өтүштү. Тренингдин катышуучуларынын көбү үчүн бул ишмердүүлүктүн жаңы чөйрөсү болду, андыктан иштеп чыгуу процессинде катышуучулар белгилүү бир кыйынчылыктарга тушукту, өзгөчө арыздын формасын толтурууда жана долбоордун техникалык бөлүгүн түзүүдө. Бул кемчиликти ЭҮЖӨБОБП долбоорунун кызматкерлеринен консультативдик жардам алып, ДТ биргелешип жойду. ДТ мүчөлөрү уюшкандыкты, бириккендикти, биримдикти көрсөттү: өз ара милдеттерин бөлүштүрүп, ар кимиси өз участогу үчүн жооп берди – долбоордун техникалык бөлүгү үчүн, статистикалык маалыматтар үчүн, эксперттер менен иш алып баруу үчүн, долбоордун текстин компьютерде терүү үчүн.

Мыкты тажрыйба. Төрт-Күл АА таштанды чогултуу көйгөйүн чечүү:

• Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен PRA-сессиялардын жана ЖӨБО таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматын баалоонун алкагында таштанды маселесин артыкчылыктуу катары аныктоо

• Бюллетендерди, баннерлерди, плакаттарды даярдоо менен коомчулукту таштанды чогултуу жана чыгаруу маселесине тартуу боюнча кеңири маалыматтык өнөктүк

• Таштандыны чогултууну жана чыгарууну уюштуруу боюнча башка муниципалитеттердин тажрыйбасын үйрөнүү (Беловодск АА жана Гавриловка АА окуу сапарлары)

• “Айылдын тазалыгы – элдин ден соолугу” долбоорун иштеп чыгуу

• Коомдук угуулар, алардан кийин өткөн кеңештин сессиясы. Анда төмөнкү маселелер каралды жана бекитилди: 1) ар бир короого жылына 70 сомдон тариф орнотулду; 2) таштанды чыгаруу үчүн чогултуунун тарифин аныктоо үчүн бизнес объекттерин жана башка субъекттерди текшерүү боюнча комиссия түзүлдү; 3) таштанды чыгаруу үчүн чогултууларда жеңилдиктер алынып салынды. Таштанды чыгаруу боюнча график түзүлдү. Бир айда болжол менен 10 миң сом чогулду, бул болсо кварталдык планга туура келет.

• “Таза айыл” акциясы (арыктарды тазалоо жана таштанды чыгаруу, 1500 терек отургузулду).

• Катышуучулардын 95% коомдук угууларды өткөрүү пайдалуу жана зарыл деп эсептешет, ал эми 92% катышуучу АӨ таштанды боюнча сунуштарына макул.

Бул процесс көйгөйдү жана аны чечүү жолдорун туура аныктоонун маанисин түшүнүүгө жардам берди. Ошол эле учурда ДТ мүчөлөрү кырдаалды реалдуу баалап, тиги же бул маселенин татаалдыгын баалай алышты. Чогуу иштешүү жамааттарга биригүүгө, анализдин негизинде маселени профессионалдуу чечүүгө, кесипкөй адистер менен иш алып барууну үйрөнүүгө жардам берди.

Жалпысынан демилгелүү топтор Ивановка АА 4 долбоордук сунушту, Төрт-Күл АА 7 долбоордук сунушту, Ленин АА 5 долбоордук сунушту иштеп чыкты.

Долбоорлорду тандоо процесси кантип жүрдү?

2012-жылдын 15-16-март күндөрү Ивановка, Төрт-Күл жана Ленин айылдык аймактарында артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо боюнча элеттик жыйын өттү. Артыкчылыктуу долбоорлорду тандоого карата ДТ иштелип чыккан долбоорлорунун бет ачарын плакаттарда чагылдырып, мында карталарды, схемаларды колдонуп, аны проектордун жардамы менен көрсөтүштү. Тандоо процесси татаал болду. Анткени ар бир демилгелүү топ анын гана долбоору мыкты жана маанилүү деп тандалышын каалап турду. Тандоо ЭҮЖӨБОБП долбоорунун гранттары боюнча критерийлерге ылайык жүргүзүлдү. Ивановка АА жашыруун добуш берүү менен “Айыл биздин үй, аны таза кармайлы” деп аталган КТК чогултуу жана чыгаруу боюнча долбоор тандалып алынды. Төрт-Күл АА жашыруун добуш берүү менен “Жергиликтүү жолдорду калыбына келтирүү” долбоору тандалып алынды. Ленин АА ачык добуш берүү менен “Айылдын тазалыгы– калктын ден соолугу” долбоору тандалды. Тандоо процедураларын жамааттар өз алдынча орнотушту.

Жеңүүчү долбоорлор

Ивановка АА.

 Таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча долбоор

Долбоордун өзөгүндө аймакты таштандыдан тазалоо үчүн шарт түзүү жатат. Бул үчүн кошумча техника сатып алуу зарыл. Анткени колдогу трактор дайыма эле бузулуп, өз убагында таштанды чыгара албайт. Таштанды чыгаруунун графигин түзүп, аны макулдашуу зарыл, калк арасында таштандынын кайсы түрлөрү чыгарылыш керектигин түшүндүргөн маалыматтык өнөктүк жүргүзүү керек; калкка таштанды үчүн орнотулган тарифтин маңызын түшүндүрүү зарыл. Бүгүнкү күндө жарым короо гана таштанды үчүн төлөйт, анткени көпчүлүк жерлерде таштанды чыгарылбайт жана калк төлөөдөн баш тартууда. Долбоордун бюджети:

• 1 286 900 сом же 100% – жалпы сумма;

• 1 000 000 сом же 77,7% – ЭҮЖӨБОЖ долбоорунан суралып жаткан сумма;

• 286 900 сом же 22,3% – айыл өкмөтү тарабынан кошо каржылоо.

Төрт-Күл АА.

Ички жолдорду оңдоп-түзөө долбоору

Төрт-Күл айылдык аймагында жолдордун жалпы узундугу 40 км түзөт. Ал 40 км узундуктагы кара жолдун 9 км оңдоп-түзөө талап кылынат. Долбоордун максаты: ички жолдорду оңдоого атайын техника сатып алуу. Долбоордун бюджети:

• 2 269 673 сом же 100% – жалпы сумма;

• 1 000 000 сом же 44% – ЭҮЖӨБОЖ долбоорунан суралып жаткан сумма;

• 269 673 сом же 12% – айыл өкмөтү жана жергиликтүү жамааттан кошо каржылоо;

• 1 000 000 сом же 44% – спонсорлордун салымы.

Ленин АА.

Айылдын тазалыгы – калктын ден соолугу долбоору

Долбоордун өзөгүндө Ленин АА үч айылынан таштанды чыгарууну уюштуруу маселеси жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн белгилүү бир даярдык иштери көрүлдү: турак жай комуналдык чарбалыгы (ТЖКЧ) түзүлдү, ТЖКЧ тууралуу Жобо иштелип чыкты жана юстиция органдарында бекитилди, банкта эсеп ачылды. Айылдык кеңештин сессиясында таштанды жайы үчүн жер участогун бөлүү маселеси каралып, бекитилди. Коомдук угуу өтүп, анда калкка айылдар боюнча таштанды чыгаруу ишинин планы, графиги жана ТЖКЧ бюджети тартууланып, калк менен ар бир короодон ай сайын таштанды чыгаруу үчүн 25 сом өлчомүндө акча чогултуу макулдашылды. ТЖКЧ 9 жаңы иш орундарын түздү. Бирок таштанды чыгаруу үчүн техника жок – бул маселени долбоор чечиш керек: 2-ПТС-4 прицеби менен МТЗ-82 тракторун сатып алуу пландаштырылууда.

Долбоордун бюджети:

• 1 207 700 сом же 100% – жалпы сумма;

• 1 000 000 сом же 83% – ЭҮЖӨБОЖ долбоорунан суралып жаткан сумма;

• 207 700 сом же 17% – айыл өкмөтү тарабынан кошо каржылоо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу

ЖӨБ органдарынын өз иши чачтан көп болгонуна карабастан бул процесстеги ролу өтө чоң. ЖӨБ органдары демилгелүү топтордун долбоорлорун иштеп чыгуу процессине башынан тарта катышты. АӨ адистери тарабынан техникалык жардам көрсөтүлдү: иш столдору, компьютерлер, долбоордук сунуштардын текстин терүү жана бет ачарды даярдоо иштери уюштурулду. Бул процессте ЖӨБ органдары жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен биргелешип иш алып барууда жакшы тажрыйбага ээ болушту.

Мында долбоорлорду тандоо прцессинде ЖӨБ органдары айылдардын бардык демилгелүү топтору жана өкүлдөрү үчүн тең шарттарды камсыздашы керек болчу. Эгерде адамдарда кайсы бир топ же кайсы бир айыл башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк артыкчылыкка ээ болгону тууралуу шек жаралса, долбоорлорду тандоо ачыктык жана акыйкаттык принциптерин бузса, анжа кызматташуу эффектиси жоголмок. ЭҮЖӨБОБП долбоорунун байкоочулары пилоттук үч муниципалитет тең бул тапшырманы 100% аткара алганын белгилешти.

Долбоорлорду тандоонун натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө аралашуусу канчалык маанилүү болгонун жана алар канчалык деңгээлде маанилүү ресурс болуп бере алышарын түшүнүштү. Бул гранттык программанын өзгөчөлүгү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары донорго долбоордук сунуштарды жамааттын колу менен даярдайт, ал эми өздөрү болсо анын аткарылышы үчүн жооптуу болот. Мында жергиликтүү жамааттын активисттери өз ролун көрүп, мониторинг топтор түзө салышты жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө байкоо салууга даяр турушат.