Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда дагы бир айылдык аймактын расмий веб-сайты ачылды

2019-06-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кыргызстанда дагы бир айылдык аймактын расмий веб-сайты ачылды

2019-жылдын 4-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылдык аймагынын расмий веб-сайты иштей баштады (www.kurshab.kg). Маалыматты жеткирүүнүн заман талабына жооп берген булагын түзүү демилгесин Куршаб муниципалитетинин ЖӨБ органдары көтөрүп чыккан.

Куршаб аймагынын веб-сайты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун техникалык жана консультациялык колдоосу менен ачылды. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызбардык катышуучуларга, анын ичинде тажрыйба алмашуу үчүн келген конокторго таратып бердик. Түшүнүктүү болсун деп СЭӨПны жана БАПты ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчетту презентация форматында даярдадык”, - деп айтып берди Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. Бул муниципалитет тажрыйба алмашуу максатында райондогу кесиптештерин өз алдынча чакырган. “30-январда райондук деңгээлде, 5-февралда бардык райондордун катышуусу менен облустук деңгээлде коллегия өткөн. Ушул иш-чаралардан кийин айыл өкмөт башчылары менен биздин муниципалитеттердин жашоочулары менен да ушундай жолугушууларды уюштурууну чечтик. Ар бир аймакта, ар бир айылда жашоочулар үчүн актуалдуу болгон өз көйгөйлөрү бар. Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты – силердин мага, айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына же төрагаларына, райондук кызматтардын жана ведомстволордун жетекчилерине даректелген сурооңорду, сыныңарды, сунуштарыңарды угуу. Булардын баары бүгүн силер менен жолугушуу үчүн атайын келишти. Адамга эмне керек? Жакшы жол, таза суу, жарык. Бардык жерде бул маселелер бирдей эле. Буга байланыштуу биз бардык жерлерде күн тартибине бирдей программаны койдук – башчынын 2018-жылы жасаган иши тууралуу Отчет, план-факт, силердин райондук кызматтардын дарегине суроолоруңар. Бүгүн өтө көп суроолор болду. Өзгөчө электр энергиясы жана анын тарифи боюнча суроолор көп. Бардык жетекчилер суроолорду жазып алышты, бул протоколго да кирди. Бир дагы суроо жоопсуз калбайт деп сөз берем. Бүгүнкү жолугушууга келип бергениңер үчүн рахмат”, - деп айтты Фрунзе айылдык аймагынын тургундарына кайрылып жатып Панфилов районунун акими РАИМКУЛОВ Мелис. матташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат. Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Аскат АМИРАКУЛОВ жана Динмухаммед КАНЫБЕК уулу 2019-жылдын 4-5-апрель күндөрү Бишкекте практикалык семинарга катышкан. Анын жүрүшүндө сүрөттөрдү, маалыматтарды киргизгенди, бөлүмдөрдү толтурганды жана жалпысынан муниципалитеттин расмий веб-сайтын башкарганды үйрөнүшкөн. Семинар да ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында уюштурулган.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Окшош материалы: