Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүү: web-багытындагы тиркеме

2019-06-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүү: web-багытындагы тиркеме

2019-жылдын апрель айында Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин базасында “Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүү” темасына тренинг өттү.

“Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүү үчүн WEB-тиркеме Швейцариянын Өнктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында иштелип чыккан. Бул WEB-тиркеме жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык, жарандык бюджетти түзүү боюнча ишин жеңилдетүү максатында даярдалган.

Ошондой эле бюджеттик маалыматтын бирдиктүү форматын жайылтуу максатын көздөйт. Тиркеме Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №166-П Буйругу менен бекитилген “Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүүнүн методикасынын” негизинде иштелип чыккан. Тренингдин практикалык бөлүгүндө бардык зарыл болгон маалыматтар WEB-тиркемеге киргизилет. Андан соң жашоочулар өзүнүн айылдык аймагынын жарандык бюджети менен http:// gb.minfin.kg сайтынан тааныша алышат”, – деп айтты тренер, Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук башкармалыгынын жетекчилери да катышты. Тренингдин аягында алардын катышуусу менен жергиликтүү бюджеттер тууралуу маалыматтарды киргизүүнүн графиги түзүлдү.

Тренингдер ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана анын Окуу борбору, ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) менен чогуу уюштурулду.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

 

Окшош материалы: