Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы 30га жакын элеттик муниципалитет өздөрүнүн СЭӨ программаларын даярдашат

2019-06-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2019-жылдын апрель айында Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагында “Муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоо” темасына тренинг өтүп, ага атайын түзүлгөн Жумушчу топтун мүчөлөрү катышкан.

“Көк-Жар АӨ башчысынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги №86 Буйругу менен 2020-2024-жылдарга Көк-Жар айылдык аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ бекитилди. Жумушчу топтун курамына ЖӨБ органдарынын, айылдык кеңештин, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун жана Демилгелүү топтордун өкүлдөрү киришти. Тренингдин жүрүшүндө алган көндүмдөрдү жана билимди биз муниципалитетибиздин СЭӨ программасын жана Биргелешкен иш-аракеттер планын даярдап чыгуу үчүн колдонобуз. Бул – тренингдин натыйжасы болот”, – деп айтты Көк-Жар айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча адиси Зайнидин АКБОТОЕВ. Эки күндүк тренингдин алкагында анын катышуучулары СЭӨПны даярдоо жана иштеп чыгуу процесси менен таанышып, Жумушчу топтун иш планын даярдашты. Бул планда Жумушчу топтун ар бир мүчөсүнүн белгиленген көлөмдөгү иши үчүн жоопкерчилиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле тренингдин катышуучулары муниципалитеттин учурдагы абалына кантип анализ жасаш керектигин үйрөнүп, Программанын жалпы максаттарынын долбоорлорун даярдап, муниципалитеттин өнүгүү багыттарын аныктаганды, максаттарды жана тапшырмаларды түзгөндү үйрөнүштү.

Тренингдин катышуучулары СЭӨПны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдап, өнүгүү программаларынын финансылык модели тууралуу маалымат алып, мониторинг жана баалоо пландарын иштеп чыгышты. Ушундай эле тренингдер Чүй, Ош жана Нарын облустарынын аймагында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун 27 максаттуу муниципалитетинин өкүлдөрү үчүн өткөрүлөт1 . Тренингдерге кошуна максаттуу эмес муниципалитеттердин да өкүлдөрү катышат. 2019-жылдын 23-апрель күнү Нарын облусунун Ак-Тал айылдык аймагында Жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Жумушчу топтун курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттардын лидерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирди (жалпысынан 19 адам катышты). Жыйындын жүрүшүндө Жумушчу топ өзүнүн СЭӨП иш планын даярдап алды. СЭӨПны жергиликтүү кеңеш бекиткенден кийин аны калк менен макулдашуу кийинки кадам болмокчу. Бул иштердин баары 2019-жылдын 1-июнуна чейин жасалат деп күтүлүүдө. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жарандык катышуу боюнча адиси, тренер Айнура БАЛАКУНОВАНЫН айтымында, тренингге Ак-Тал аймагынан катышкандар бул багыттагы билими менен таң калтырды: “Катышуучулар тренингге абдан даярданып келгени мен үчүн жагымдуу кабар болду. Дал ошондуктан бизде практикалык бөлүккө көбүрөөк убакыт артты. Практика маалында катышуучулар муниципалитетиндеги чөйрөлөр жана багыттар боюнча учурдагы кырдаалга анализ жасап, 2020-2022-жылдарга өз муниципалитетинин Социалдык-экономикалык өнүгүү планын даярдашты. Ошондой эле катышуучулардын гендердик балансы да абдан кубандырды – дээрлик 50х50 болду”.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Окшош материалы: