Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ органдары тарабынан мыйзамдардын сакталуусуна мониторинг жүргүзүү тууралуу
КР Мамлекеттик кадр кызматынын 2018-жылдын 26-декабрындагы №158 Буйругу менен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн критерийлери жана индикаторлору бекитилген.
Мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча критерийлер жана индикаторлор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын деталдуу планын ишке ашыруу максатында даярдалган. Деталдуу планды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырылышын контролдоо боюнча Жумушчу топ бекиткен. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө 24 критерий каралган. Алар беш баллдык шкала менен бааланат. Эң жогорку балл - 12. Баалоо төмөнкүдөй категорияларга бөлүштүрүлгөн:
1) жумуштар жүргүзүлбөйт, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча өтө одоно тартип бузуулар бар – 72 баллдан аз баа берилет;
2) жумуштар жүргүзүлөт, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча олуттуу тартип бузуулар бар – 73 баллдан 90 баллга чейин баа берилет;
3) жумуштар жүргүзүлөт, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча тартип бузуулар бар – 91 баллдан 106 баллга чейин баа берилет;
4) жумуштар жүргүзүлөт, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча айрым бир тартип бузуулар бар – 107 баллдан 114 баллга чейин баа берилет; 5) жумуштар тартип бузууларсыз жүргүзүлөт – 115 балл жана андан жогору баа берилет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









