Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пробация чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2018-жылдын 31-декабрындагы №641 Токтому менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасы” бекитилди.

Методика пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышынын натыйжалуулугун аныктоо максатында алардын ишин баалоо тартибин белгилейт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик пробация органы жана анын аймактын бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.

Баалоо көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

• пробация боюнча кеңештин планынын аткарылган иш-чараларынын саны;

• социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөк пул, пенсия жана компенсация катталган пробация кардарларынын саны;

• жумушка орношкон пробация кардарларынын саны;

• реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканалар) жайгаштырылган пробация кардарларынын саны;

• билим алып жаткан пробация кардарларынын саны;

• жоголгон күбөлүктөрүн жана документтерин калыбына келтирген пробация кардарларынын саны;

• республикалык бюджеттен каржылоо болгон учурда пробация кардарларын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн жана иштеп жаткан реабилитациялоо борборлорунун (социалдык жатаканалардын) саны. Эскерте кетсек, 2017-жылдын 24-февралындагы №34 “Пробация жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пробациянын учурдагы милдеттерин чечүүдө жана айкын иш-чараларын аткарууда пробация органдары менен өз ара аракеттенүү жана аларга көмөк көрсөтүү милдети жүктөлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жана коммерциялык эмес уюмдардын колдоосунда пробациянын кардарлары үчүн реабилитациялоо борборлору (социалдык жатаканалар) түзүлүшү мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары реабилитациялоо борборлорунун (социалдык жатаканалардын) иштешин камсыз кылат жана пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу боюнча милдеттерди чечүүдө пробация органдарына көмөк көрсөтөт.