Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы тууралуу

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Президенти 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду (2019-жылдын 11-январы, №1 ПЖ).

2018-жылы аймактарды өнүктүрүү орто мөөнөттүү келечекке карата өлкөнүн өнүгүүсүндөгү өзөктүк артыкчылык катары аныкталган. Аймактарда бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Жарлыктын текстинде 2019-жылы өлкөнү өнүктүрүүдөгү санариптик негиздер негизги багыт болоору белгиленген. Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кеңири тилкелүү интернетти камсыз кылуу керек, анын жыйынтыгында өлкө маалыматтарды берүүчү глобалдык тармактарга жана магистралдарга кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана арзан кошулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары» деген V бөлүмүнө ылайык санариптик технологиялар билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, айыл чарбасы, телекоммуникациялар, банк сектору, жеңил өнөр жайы жана курулуш сыяктуу чөйрөлөргө артыкчылыктуу түрдө киргизилүүгө тийиш. Интернет технологияларын колдонуу аркылуу региондордун жашоочулары бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жашаган жерине карабастан ээ болушу керек. Интернет сооданын жаңы инструменттери аркылуу региондор ортосундагы жана чек аралык сооданы өнүктүрүү зарыл. Ар бир фермер рыноктордун абалы жана өстүрүлгөн продукцияны сатып өткөрө турган максаттуу рыноктордогу анын болжолдуу баасы жөнүндө маалыматты интернет кызмат көрсөтүүсү аркылуу алып турууга тийиш. Интернет платформалар региондордо чакан жана орто бизнес үчүн зарыл болгон маалыматтар алынуучу орун болуп калат. Маалыматтык коомду куруу, ошондой эле санариптик трансформациялоону жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүгө багытталган мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандык коомдун күчаракеттерин бириктирүү максатында КР президенти төмөнкүлөрдү токтом кылды:

1. 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет деп эсептелсин.

КР Президентинин Жарлыгы менен КР Өкмөтүнүн алдына так тапшырмалар коюлган. Бул тапшырмалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата маанилүү пункттарды камтыйт:

• бирдиктүү идентификациялоо системасын, электрондук билдирүүлөрдүн бирдиктүү системасын, санариптик төлөмдөрдүн бирдиктүү системасын, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталын жана мобилдик тиркемесин түзүү жана киргизүү;

• “Санарип аймак” деген муниципалдык башкаруунун санариптик платформасын түзүү жана киргизүү;

• региондордун адистешүүсүн арттырууга жана өсүш орду болгон 20 шаарды ишке киргизүүгө, алардын атаандаштык артыкчылыктарын жана экспорт кылуучу ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын күчөтүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү;

• мамлекет кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүнүн интернаттык мекемелерге альтернативдүү болгон системасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми аркылуу өнүктүрүү;

• региондордогу инфраструктураны өнүктүрүүнү жана калкты жайгаштыруунун оптималдуу системасын калыптандырууну эске алып, административдик-аймактык реформа боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен чогуу жергиликтүү бюджеттердин киреше табуудагы потенциалын көтөрүү боюнча чараларды күчөтүү.