Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча алгачкы окуу-методикалык жыйнак жарык көрдү

2018-08-20 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кыргызстанда окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча алгачкы окуу-методикалык жыйнак жарык көрдү

10-11-класстын окуучулары үчүн Окуу китебинен жана Жумушчу дептерден, мугалимдер үчүн Усулдук окуу китебинен турган Окуу-методикалык жыйнактын бет ачары 2018-жылдын 23 -августунда өттү.

Кыргызстандын ар бир жаш жаранынын келечеги ал финансыны канчалык сабаттуу башкара алганынан көз каранды. Алардын ар бири өзүнүн алдына финансылык максаттарды коюп, келечекте кандай үйдө жашап, кайсы кесипти аркалап, балдары кайсы жерде окуп, эс алып, ата-энесине кам көрө турганын азыртадан эле чече алышат. Бул үчүн ал бала мектеп программасы боюнча гана билим албастан, ошону менен бирге бала чагында эле акчасын башкарып, каражат топтоп, акчага туура мамиле жасаганды үйрөнүшү керек. Ошондо анын келечеги кең болот.
 
“Бул Окуу-методикалык жыйнакты (ОМЖ) даярдоо идеясы 2014-жылы жай мезгилинде пайда болгон. Ошол кезде Өнүктүрүү саясат институту (мындан ары – ӨСИ) Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында, Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун, Москванын ачык билим берүү институтунун экономика кафедрасынын жана Жеке инвесторлор клубунун катышуусу менен “Фин Билим Сити Муниципалитети” жайкы лагерин уюштурган. Жайкы лагерь өзүнүн жана коомдук финансыны башкарууну жакшыртууда педагогдордун жана окуучулардын активдүүлүгүнө дем берүү максатын көздөгөн. Жайкы лагерде ОМЖнын түзүмү жана мазмуну түптөлгөн. Эмне үчүн окуучуга мектеп бюджети тууралуу билим зарыл? Жеке жана коомдук финансыны башкаруу тууралуу билимди мектепте окуп жүргөндө эле алыш керек. Себеби финансылык сабаттуулук жашоонун бардык баскычтарында – бала бакчадан тартып, өмүрүнүн аягына чейин зарыл болот эмеспи. Ошондой эле бул билим баланын жана ата-эненин, окуучунун жана студенттин, кызматкердин жана ишкердин, дени сак адамдын жана бейтаптын, пенсионердин жана сүрөтчүнүн – айтор, бардык социалдык ролдорду аткаруу үчүн зарыл болот. Ар бир ролдо, күн сайын биз акчаны башкарып келебиз. Биздин бакубат жашообуз ушул ишти канчалык сабаттуу жасаганыбыздан көз каранды. Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына ар бир адамдын татыктуу жашоого болгон укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү миссиясын аткарууда. Ошондуктан ӨСИ бир нече жылдан бери окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурдурууга көп күч-аракет жумшап келатат. Мисалы, “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен 2015-жылдан 2018-жылга чейин мектептин бюджети боюнча 72 коомдук угууларды өткөрүүдө 64 мектепке жардам көрсөтүлгөн.
 
 
Угууларга жалпысынан 33 116 адам катышкан. Бул мектептерге усулдук жардам жана промо-материалдар берилген. Иш-чаралар “Global Money Week” аттуу апталыктын убагында өткөрүлгөн. Иш-чарага катышкан окуу жайлардын арасында мектеп бюджети боюнча мыкты коомдук угууларга сынак жарыяланган. Көпчүлүк ишчаралар окуучулардын өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн акчасын башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары ӨСИ окуучуларды коомдук финансыны башкарууга да үйрөткөн. Ошондуктан ар бир мектепте окуу жайдын бюджети боюнча коомдук угуулар же кеңейтилген форматтагы ата-энелердин чогулуштары сөзсүз түрдө өткөрүлүп келет. Жеңүүчү мектептер байге катары зарыл материалдарды жана жабдууларды алышты. Бул болсо аларга окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын келечекте да уланта берүүгө жардам бермекчи”, - деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА. “Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагын Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши жактырган (2016-жылдын 30-ноябрындагы №10 протоколдон көчүрмө). ОМЖ басып чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу планынын мектептик компонентинин эсебинен класстан тышкаркы сабактар үчүн “Адам жана коом/ Экономикага киришүү” курсунда, ошондой эле факультативдерде жана ийримдерде колдонууга сунушталган. ОМЖ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 5-11-класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча Базалык компетенциялардын (билимдин, шыктардын, көндүмдөрдүн жана жүрүм-турумдун) стандарттарына шайкеш келет. Бул Стандарттарды 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу
Программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы 2017-жылдын 27-декабрында бекиткен. Басылма Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) биргелешкен ишинин алкагында даярдалды. Китеп Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүу жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, ӨСИ аткарган “Элдин үнү жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу менен чыкты.
 
ОМЖ эмнеден турат?
 
  • Жумушчу дептер (ISBN 978-9967-9124-2-7) “Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагынын (ОМЖ) жалгама бөлүгү болуп эсептелинет. Анын мазмуну ушундай эле аталыштагы окуу китебине жана мугалимдер үчүн методикалык окуу китебине шайкеш келет. Жумушчу дептер жогорку класстардын окуучуларына жардам катары иштелип чыгып, сабакта жана сабактан тышкаркы убакытта жасалчу практикалык көнүгүүлөрдү өзүнө камтыйт. Жумушчу дептер Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдерине жана 10-11-класстарынын окуучуларына даректелет. Мугалимдер бул окуу китебин жогорку класстын окуучуларын мектептеги компоненттин алкагында финансылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөтүү үчүн, ошондой эле “Адам жана коом” айкалышкан курсу үчүн кошумча окуу китеби катары да колдоно алышат.
  • Окуу китебинде (ISBN 978-9967-9124-1-0) финансылык сабаттуулук, жеке финансылык коопсуздук, акчаны натыйжалуу баш-
    каруу, жарандардын финансы институттар менен байланышы, жеке бюджетти башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүү жана финансы долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери камтылган.
  • Методикалык окуу китеби (ISBN 978-9967-9124-0-3) “Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагынын (ОМЖ) жалгама бөлүгү болуп саналат. Анын мазмуну ушундай эле аталыштагы окуу китебине жана 10-11-класстын окуучулары үчүн Жумушчу дептерге шайкеш келет. Китепте мугалимге жардам катары методикалык сунуштамалар камтылган. Бул сунуштамалар белгиленген жана белгиленбеген убакытта жогорку тепкичтеги окуучулар менен эффективдүү сабак өтүүгө жардам берет.

Окшош материалы: