Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чакан гранттар программасы – жарандардын катышуусу менен коомдук финансыны башкаруу үчүн машыктыргыч: чогулуштардан көйгөйлөрдү чечүүгө чейин

2018-04-14 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чакан гранттар программасы – жарандардын катышуусу менен коомдук финансыны башкаруу  үчүн машыктыргыч: чогулуштардан көйгөйлөрдү чечүүгө чейин

Александровка айылдык аймагында “Келечек” бала бакчасы ачылды

2018-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык аймагында “Келечек” бала бакчасы ачылды. Бала бакча Александровка муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматташтыгынын жардамы менен, жергиликтүү жамааттын жана активисттердин жигердүү катышуусунун натыйжасында ачылды. “Балдардын ынтымагы – улуттун күчү” Долбоорунун алкагында мектепке чейинки билимберүү үчүн шарттар түзүлдү.
 
Учурда бала бакча 100 орунга эсептелинген, штаттык ырааттама 11 адамга бекитилген. Бала бакчанын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо үчүн 2018-жылы жергиликтүү бюджеттен 961,5 миң сом көлөмүндө акча каралган. Бул каражаттын ичинен оюн аянтчасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана курулушу үчүн 411,5 миң сом, тамактанууга 550 миң сом бөлүнгөн. 1182 адам жашаган Беш-Корук айылындагы бала бакча орто мектептин башталгыч класстарынын имаратында орун алды. Беш-Корук мектеби 1988-жылы курулган. 2000-жылы имарат муниципалдык менчикке өткөн учурда авариялык абалда турган. Имаратты оңдоп-түзөөгө акча жок болчу.
 
Бул – түрдүү улуттагы дээрлик 17 000 (он жети миң) адам жашаган Александровка айылдык аймагындагы үч айылда орун алган беш мектептин бири. Мектептердеги окууга даярдоочу тайпаларга балдар толуп калган. Көпчүлүк балалуу үй-бүлөлөрдө ата-энелер жумушка чыга албай, үйдө отурууга мажбур болчу. 2015-жылы айыл өкмөтү жарандардын чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуу Моделин жайылтуу боюнча ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташа баштады. Ошентип, жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) жүрүшүндө Беш-Корук айылынын жашоочулары бала бакчанын жоктугу өңдүү көйгөйдү артыкчылыктуу катары аныкташкан. Айыл өкмөтү бул маселени чечүүнү өзүнүн иш планына киргизип, башталгыч класстардын имаратын бала бакчага айландыруу тууралуу чечим кабыл алган.
 
Капиталдык ремонт, эмеректер, жабдуулар, шаймандар зарыл болчу. Калктын артыкчылыктарына негизделип, айыл өкмөтү дем берүүчү грантка өтүнмө жиберген. Ошентип бул гранттын эсебинен имаратка капиталдык ремонт жасалган. Аны менен катар имараттын чатыры, терезелери, каалгасы, жылытуу системасы алмаштырылган, жаңы меш, канализациялык система орнотулган, электр зымдары алмаштырылган, лампалар орнотулуп, имараттын ичи акталып-сырдалган. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 455 200 сом, ал эми дем берүүчү гранттын эсебинен 1 808 600 сом бөлүнгөн. “Бирок биздин мекеме кызмат көрсөтө башташы үчүн кошумча инвестициялар зарыл эле. Демилгелүү топ “Балдардын ынтымагы – улуттун күчү” долбоорун иштеп чыгып, аны артыкчылыктарды тандап алуу боюнча чогулуш маалында жергиликтүү тургундардын сынына койгон.
 
ЖӨБ органы тургундар артыкчылыктуу деп тандаган маселени чечүү үчүн биринчи кезекте каражат издеши керек эле. Бул долбоор үчүн чогулуштун катышуучуларынын көпчүлүгү добуш берди жана айыл өкмөтү каражат издөө үчүн өтүнмө даярдоого киришти. Ошентип, бул долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын конкурсуна жиберилди. Конкурстун жеңүүчүсү деп табылгандан кийин Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 1 000 000 (бир миллион) сом түштү. Бул акчага жергиликтүү бюджеттен 100000 (жүз миң) сом кошуп, бала бакчаны толугу менен жабдып, калктын артыкчылыктуу маселеси чечилди – мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлдү”, – деп айтты Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Данияр КАЙНАЗАРОВ.
 
Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сатып алынды. Айыл өкмөттүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингге катышты. Александровка айыл өкмөтү өткөргөн бир катар конкурстардын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр деп “Азат мебель” жана “Тотал Сервис” компаниялары табылды. Долбоордун алкагында балдар үчүн эмеректер, төшөктөр, шейшептер, тиричилик жана компьютердик техника, ашкана эмереги жана музыкалык аспаптар сатып алынды. Бала бакчаны ачуу аземине Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу жана Толук укуктуу Элчиси Вероник УЛЬМАН айым да катышты.
 
Элчи өз сөзүндө муниципалитеттин бардык жашоо-чуларын бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, Швейцария элинин колдоосу менен Швейцария Өкмөтү мындан ары да Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо берээрин белгиледи: “Мен бүгүн бала бакчанын ачылышына катышып жатканыма абдан кубанып турам. Билим берүү – бул мындан ары өнүгүү үчүн артыкчылыктуу маселе. Бул ошондой эле жарандардын, өзгөчө аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу өтө маанилүү болгонун, жалпысынан жамааттын өнүгүүсүнө таасир тийгизип жатканын далилдеп турат. Ошондой эле бул Швейцариядагы демократиянын борбордук элементи болуп саналат жана мындай ыкма Александровка муниципалитетинде да борбордук элемент болгонуна кубанып турам.
 
Дал ошондуктан биз жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине түз катышуусу өнүгүүгө жеткирээрин Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтүп берүүгө аракеттенип жатабыз”, – деп айтты Вероник Ульман айым. Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ бардык жашоочуларды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, жергиликтүү бюджеттин каражатын ачыкайкын жана натыйжалуу пайдаланууга үндөдү. Өз кезегинде Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жашоочуларды куттуктап, муниципалитеттин ар бир айылында ушул өңдүү бала бакчалардын ачылышын каалады. ДОБРЕЦОВА жарык көчөлөр, жакшы жолдор,үйдөн чыгып турган ичүүчү суу, канализация өңдүү, шаардыктарга жеткиликтүү болгон бардык шарттар муниципалитеттерде да пайда болушун каалап, буларга жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын кызматташуусу аркылуу жетүүгө чакырды.
 
Кореялык World Share компаниясынын өкүлү да, Чүй облусунун Москва районунун башчысынын орун басары да, Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясынын өкүлү да, Беш-Корук айылындагы орто мектептин директору да жылуу сөздөрүн айтышты. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы Разия ЛИВАЗАнын айтымында, башында бул маселени чечүү мүмкүн болгонуна эч ким ишенген эмес. “Бул түштөй эле болду! Биз бала бакчалуу болдук! Бул болсо биздин активисттердин ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна катышуусунун натыйжасында ишке ашты. Жигердүү болуп, күч-аракетибизди бириктирсек, бардык маселелерди чече алаарыбызга көзүбүз жетти. Бюджетти бөлүштүрүп жатышканда бизди уга башташты. Активдүү колдообуз менен айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары артыкчылыктуу маселелерибизди чечип жатышат”.

Окшош материалы: