Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл Өкмөт башчысын шайлоо учурунда жергиликтүү кеңештин кворуму жөнүндө

2018-02-16 / Мыйзам жаӊылыктары

2018-жылдын 16-февралында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам күчүнө кирди.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын (шаар мэрин, айыл өкмөт башчысын) тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү менен шайлачу. Ошондой эле шайлоо, эгерде тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, өткөрүлдү деп эсептелчү. Ушундай эле тартип жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоодо да каралган. Кабыл алынган жаңы мыйзам кворум үчүн депутаттардын санынын катышын азайтты: мурда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси талап кылынса, эми депутаттардын көпчүлүгү берген добушка жараша болуп калды. Мындай чара депутаттардын кворуму болбогондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлабай коюу өңдүү терс кесепеттерди болтурбайт.