Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДКЖ Долбоорунун катышуучусу жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп шайланды

2017-08-04 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
 ЖДКЖ Долбоорунун катышуучусу жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп шайланды

Зулайка ДЖАМАНКУЛОВА, ЖДКЖ Долбоорунун Ысык-Көл облусу боюнча аймактык координатору, ӨСИ

Айыл өкмөтүнүн көпчүлүк кызматкерлери жергиликтүү деңгээлде сапаттуу кызмат көрсөтүүнү кантип уюштуруу керектиги тууралуу жетиштүү билимге ээ болбогону жашыруун сыр эмес. Ошондуктан Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү айылдык аймак ЖДКЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитеттеринин катарына кошулганы тууралуу кабарды кубануу менен тосуп алды. Айыл өкмөттүн кызматкерлери буга чейин да ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту менен ийгиликтүү кызматташып келген. Алар айыл өкмөттүн потенциалын жогорулаткан иш-чараларга катышчу. Мунун натыйжасында айыл муктаждыктарын биргелешип аныктоону туура уюштурганды үйрөнүп алышкан. Ушул өңдүү иш-чараларды өткөргөндө жашоочулар чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышкан эле. Бул көйгөйлөрдү изилдөө менен алектенген жумушчу топтор артыкчылыктуу маселелерди аныктап, аларды биргелешкен аракеттер планына киргизишкен.

Ысык-Көл облусунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн Качыбек айылынын калкы ичүүчү суу менен камсыздалган эмес. Анткени жергиликтүү бюджетте каражат тартыш болуп келген. Жашоочулар жалпы чогулушта жок дегенде мектептерди жана бала бакчаларды ичүүчү суу менен камсыздап берүү маселесин көп көтөрчү. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүндө жумушчу топ түзүлүп, аны Качыбек айылындагы орто мектептин мугалими Эльмира СУЛТАНБАЕВА жетектеди. Султанбаеванын башкаруу жана пландоо боюнча тажрыйбасы бар  болгондуктан, жумушчу топ эффективдүү иш алып барды. Буга ЖДКЖ Долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу маселелери боюнча иш-чаралар да көмөктөштү. Жумушчу топ Качыбек айылынын калкынын бир бөлүгүн жана социалдык объекттерди ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (мындан ары – КЖАП) иштеп чыкты. Бул КЖАПты комиссия жактырып, Качыбек айылындагы мектепти, бала бакчаны жана фельдшердик-акушердик пунктту ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга ЖДКЖ Долбоорунан грант утуп алды. Бул объекттерге кошумча суу түтүк трассасына жакын жашаган калкка кызмат көрсөтүүнү уюштурууну чечишти.

Социалдык объекттер жана калк кызмат көрсөтүү үчүн төлөй турган тарифти жумушчу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүлөр ЖДКЖ Долбоорунун алка- гында үйрөнгөн методика боюнча чогуу эсептеп чыгышты. Эсептелинген тариф айылдын жалпы чо- гулушунда тартууланып, ага ошол айылдын жана айылдык аймактагы башка айылдын тургундары катышты. Жаңы тариф айылдык аймактын жашоочулары буга чейин төлөп келген суммадан эки эсе жогору болгонуна карабастан, жумушчу топ жана айыл өкмөт башчысы бул тарифти бекитүү зарыл болгонуна калкты ынандыра алышты. Көп өтпөй жергиликтүү кеңеш тарифти эсептөөнүн методикасын, тарифтин өзүн жана социалдык объекттер менен айрым жарандарга бериле турган субсидияларды бекитти. Жаңы тариф боюнча алына турган кирешелер суу менен жабдуу системасын талаптагыдай деңгээлде кароого, Качыбек айылынын жашоочуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачат. Бул болсо Долбоордун туруктуулугуна жана узак мөөнөттүү натыйжасына таасирин тийгизип, ошондой эле ыктымал жаңжалдардын алдын алат.

“Биз буга чейин жарандарга субсидия бөлсө болоорун, дегеле башка көп нерселерди билбептирбиз. Мунун баарына кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Долбоордун алкагында үйрөндүк”, - деп айтты демилгелүү топтун жетекчиси, Мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү Эльмира СУЛТАНБАЕВА. Айыл үчүн гранттык каражаттарды тартуу жөндөмдүүлүгүн, аракеттерин баалап, айылдык аймактын жашоочулары СУЛТАНБАЕВАны жергиликтүү кеңештин депутаты кылып шайлап алышты. Ал эми депутаттар болсо өз кезегинде аны жергиликтүү кеңештин төрайымы кылып шайлашты. Мунун натыйжасында СУЛТАНБАЕВА жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алган кызматкер болуп калды. Бул болсо гендердик теңдиктин көрсөткүчү болуп саналат.

Окшош материалы: