Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Масыда жаңы хлордоочу жай – суу коопсуз болот

2017-08-03 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Масыда жаңы хлордоочу жай – суу коопсуз болот

Эмилбек АЛЫБАЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча аймактык координатору, ӨСИ

17 миңден ашуун киши жашаган көп улуттуу Масы айылында тургундар жана социалдык объекттер Масынын хозрасчёттук ишканасынын ичүүчү суусу менен камсыздалып келген. Масы айылынын калкына ичүүчү суу 1986-жылы Сай-Маала айылында курулган резервуардын жардамы менен жеткирилчү. Бул резервуарда суу тунгандан кийин белгиленген графикке ылайык көчөлөргө бөлүштүрүлүп берилчү.

Масы айылында сууну жугушсуздандыруу боюнча курулма акчанын жоктугунан улам көп жылдардан бери оңдолбой келген. Мунун айынан курулма жана сууну жугушсуздандыруу үчүн жабдуулар иштебей калган. Натыйжада резервуардан ичүүчү суу системага жугушсуздандырылбастан берилип, бул болсо жашоочулардын ден соолугуна чоң коркунуч жараткан.

Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо максатында айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын иштеп чыккан. Бул планды ЖДКЖ Долбоору колдоого алып, каржылап берген.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планынын жалпы долбоордук суммасы 348 563 сомду түздү. Анын ичинен 86 300 сому Масы айыл өкмөтүнүн өз салымы болуп эсептелет. Курулуш иштерди аткаруучуну аныктоо максатын- да мамлекеттик сатып алуулардын порталында конкурс жарыяланып, анын натыйжасында “Каскад” ЖЧК курулуш жумуштарын аткаруучу катары тандалып алынган.

2017-жылдын 20-июлуна карата жугушсуздандыруу үчүн курулманын капиталдык ремонту 85% аткарылды. Капиталдык ремонт боюнча жумуштардын жүрүшүндө темир дарбазалар орнотулуп, өлчөмү 6 м3 болгон септик курулуп, хлордоочу имараттын чатыры жабылып, жаңы каалга жана терезелер орнотулуп, дубалдар шыбалып, керами- калык плитка менен жасалгаланды. Ушул тапта суу түтүктөрүн жана сууну жугушсуздандыруу (хлор- доо) үчүн жабдууларды орнотуу боюнча монтаж иштери жүргүзүлдү.

Жугушсуздандыруу (хлордоо) боюнча курулманын капиталдык ремонту аяктагандан кийин калкты санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык сапат- туу ичүүчү суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошондой эле ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга да шарт түзүлөт.

Масы айыл өкмөтүнө караштуу Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча топ курулуш иштерине мониторинг жана баалоо жүргүзүп келе жатат. Ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө да мониторинг жүргүзүлүп, анын жеткиликтүүлүгүнө, сапатына жана туруктуулугуна баа берилет

Окшош материалы: