Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн ТСКАКБ банкрот абалына кептелди?

2017-08-02 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Эмне үчүн ТСКАКБ банкрот абалына кептелди?

Шербек ДОСУЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун консультанты

Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кочкорбаев айылдык аймагынын Кеңеш айылында Ош жана Нарын облустарынын пилоттук айылдык аймактары үчүн окутуучу тажрыйба алмашуу сапары уюштурулду. ЖДКЖ Долбоорунун жардамы менен иштелип чыккан бардык чыгашаларды эсепке алуу менен суу үчүн тарифти талкуулоо программанын маанилүү бөлүгү болуп калды.

Совет маалында ичүүчү суунун баасы бардык жерде бирдей болчу. Себеби калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Кыргыз СССРинин Суу чарба министрлиги жооп берчү. Эгемендик алгандан кийин калкты суу менен жабдуу жана аны бөлүштүрүү боюнча жалпы система административдикаймактык бирдиктер – шаарлар менен айылдар ортосунда бөлүштүрүлгөн. Ошондуктан ичүүчү суу үчүн тариф ар кайсы жерде ар башкача белгиленди. Биринчиден, бул ар башка жерлерде тарифтер экономикалык эсептерди жүргүзбөстөн, калктын оозеки макулдугу менен белгиленип келген. Экинчиден, тарифтер суу кантип алынганына – суу скважинадан насос менен көтөрүлүп жатабы же өзү агып келеби –мына ушуга жараша болчу. Үчүнчүдөн, тарифтердин баасына амортизациялык чегерүүлөр кошулган эмес. Себеби айрым айылдык аймактарда суу менен жабдуу ТСКАКБнын (Таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси) же айыл өкмөтүнүн балансында турат. Айрым ТСКАКБ тарифке амортизациялык чыгашаларды атайын кошчу эмес. Анткени бул сөзсүз түрдө тарифтердин жогорулашына алып келет, ал эми калк муну кабыл албайт. Тарифтердин төмөн болгонунун натыйжасында өлкөдө дээрлик ар бир экинчи ТСКАКБ банкрот абалында калды.

ТСКАКБнын чыгашалуу ишканага айланып калбоосуна жардам берүү максатында ЖДКЖ Долбоору пилоттук айыл өкмөтүндө ичүүчү сууга экономикалык жактан негизделген тарифти эсептөө боюнча атайын Методиканы иштеп чыкты. Бул методика 13 бөлүмдөн турат жана мында суу менен камсыздоого байланышкан бардык чыгашалар эсепке алынган. Мисалы, керектелген суунун өлчөмү, электр энергиясына чыгашалар, сууну жугушсуздандыруу үчүн реагенттер, кызматкерлердин эмгек акысы жана башкалар. Ушуга эле рентабелдүүлүк жана амортизациялык чегерүүлөр бөлүмдөрү да кошулду. Бул Методика универсалдуу жана суу менен камсыздоо боюнча ар бир ишканада колдонулса болот.

Айыл өкмөт башчылары, ТСКАКБ жетекчилери жана айылдык аймактын адистери үчүн уюштурулган тажрыйба алмашуу сапарынын алкагында таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүгө тарифти эсептөөнүн Методикасы тартууланды. Сапардын катышуучулары үчүн мындай методика жаңылык болду. Ошондуктан туруктуулукка багытталган ТСКАКБнын ишине, ошондой эле сууну алуунун түрдүү усулдарына – өзү агып келген да, скважинадан насостун жардамы менен алынган сууга да тарифти эсептөөгө байланыштуу суроолор көп болду.

Мындан тышкары катышуучуларга 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, тейлөөчү ишкана катары ТСКАКБ суунун тарифин, аны жеткирген үчүн бааны жүйөлүү түрдө негиздеп бериши керектиги айтылды. Бул чыгашаларды жана эсептөөлөрдү калкка көрсөтүп берип, коомдук угууларды өткөрүү зарыл. Бул угууларда тарифти бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынышы керек. Андан соң акыркы чечимди айылдык кеңеш кабыл алат. Кеңештин сессиясында тариф жана ТСКАКБнын сууну жеткирүү, ремонт иштери, тазалоо өңдүү кызмат көрсөтүүлөрүнө баа бекитилет.

Окшош материалы: