Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Инфраструктурадан кызмат көрсөтүүгө

2017-08-01 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Инфраструктурадан кызмат көрсөтүүгө

Нурбек ИМАКЕЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу боюнча менеджери, ӨСИ

ЖДКЖ Долбоорунун алкагында муниципалитеттердин деңгээлиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана аларга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган гранттык программа ишке ашы-рылып келет.

Гранттык конкурс үч этап менен өттү. Биринчи этабы 2016-жылы 14 айылдык аймак үчүн өттү. 2017-жылдын апрель айында 16 муниципалитет үчүн экинчи этап өткөрүлдү. Андан соң 2017-жылы май айында муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты аракеттер планына конкурс өткөрүлдү. Гранттык программага баары болуп 30 муниципалитет катышып, алар конкурска 56 КЖАП-ты – Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын сунушташты.

Конкурстун жыйынтыктары боюнча жалпы суммасы 91 784 715 сомго 36 КЖАПка колдоо көрсөтүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай, эгерде конкурстун шарттары боюнча өз салымы суралган суммадан 10% кем эмес талабы коюлса, тандалып алынган

КЖАП боюнча өнөктөштөрдүн салымын кошкондо жамааттардын өз салымы 28 070 114 сомду түздү же 30% ашык болду. Өз салымын кошууга даярдык муниципалитеттердин жашоочуларына керек болгон тандалып алынган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн актуалдуулугун жана зарылчылыгын ырастап турат.КЖАП боюнча жумушчу топтор даярдаган кызмат көрсөтүүлөр муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамында жазылган жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырып турат. Диаграммада кызмат көрсөтүүлөр тармактар боюнча кандайча бөлүштүрүлгөнүн көрүүгө болот.

ЖДКЖ Долбоорунун гранттык программага ка-рата мамилесинин негизги айырмалуу өзгөчөлүгү – мында негизги басым инфраструктурага эмес, сапаттуу, жеткиликтүү жана туруктуу кызмат көрсөтүүнү уюштурууга жасалат. Мисалы, ичүүчү суу боюнча КЖАПты алалы. Бул жерде сууну керектөөчүгө жеткирип берүүнү уюштуруудан тышкары кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын эсептөө, сууга тарифти жана жергиликтүү бюджеттен субсидияларды бекитүү боюнча чоң жумуштар жасалды. Мунун натыйжасында кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтө алды. Ошондой эле жеткирип берүүчүнүн өздөрүнө да ишин жакшыртуу боюнча талаптар коюлду. Суу өлчөгүчтөрдү жайылтуу менен ресурстарды гана үнөмдөбөстөн, ошондой эле буга чейин суунун басымы жетпеген жогорку зоналарга да сууну жеткирүү иши жолго салынды.

Гранттык комитеттин мүчөсү, ЖӨБ Союзунун өкүлү Бүбүсара АЛДАКУЛОВАнын баамында, КЖАП инфраструктураны оңдоо же жаңылоо максатын көздөбөстөн, кийин туруктуу жана сапаттуу толук кызмат көрсөтүү болуусуна умтулганы гранттык программанын инновациялык мамилеси болуп калды.

Ошол эле маалда ЖДКЖ Долбоору аярлуу топторго кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү бергени чоң мааниге ээ. Бул үчүн биринчи кезекте артыкчылыктарды тандап алууда аярлуу топтордун пикирлери сөзсүз түрдө эсепке алынды. Ошондой эле физикалык мүнөздөмөсү да – пандустар, өтмө жолдор; жана финансылык жеткиликтүүлүк – өзгөчө аярлуу топтор үчүн жеңилдиктерди жана арзандатууларды кошуу да эсепке алынды.

Мисалы, Жети-Өгүз жана Бостери айылдык аймактарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн коррекциялык класстарды уюштуруу боюча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер пландары колдоого алынган. Бул КЖАПтын алкагында балдар келечекте инклюзивдүү билим алуу үчүн башталгыч класстарга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Гранттык программанын дагы бир өзгөчөлүгү – бул КЖАПты даярдоо үчүн отуз муниципалитеттин ар бирине берилген техникалык жардам гранттары. Техникалык жардам гранттардын алкагында муниципалитеттер долбоордук-сметалык документтерди даярдашып, кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууну оптималдаштыруу максатында юристтерди, эксперттерди жана консультанттарды жалдашкан. Долбоордун кошумча таасири катары анын алка- гында даярдалган, бирок конкурстук тандоодон өтпөй калган КЖАПтардын көпчүлүгү башка булак- тардан каржылоо алган фактты белгилей кетсе болот.

КЖАПты даярдоодо жана аткарууда муниципалитеттер башынан өткөргөн кыйынчылыктарды да белгилей кетүү зарыл. Биринчи кезекте бул – кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын эсептөөдө пайда болгон кыйынчылыктар – кызмат көрсөтүүнүн бирдигинин баасын аныктоо боюнча ченемдик методикалык база жок. Ушул тапта Долбоор мындай методикаларды бекитүү боюнча тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун аракеттерин колдоого алууда.

Экинчиден, курулуш сметаларды эсептөөнүн жаңыланган усулу – сом менен эсептөөгө өтүү. Бул усулду Мамархкурулуш 2016-жылдын сентябрында бекиткен. Бирок ушуну менен бирге сметаларды эсептөө методикасы 2017-жылдын январында гана берилген. Бул болсо долбоордук-сметалык  документтерди даярдоо, андан кийин тендердик жол-жоболорду өткөрүү иштерин кечеңдеткен.

Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай бар: бул – гранттык каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттаган, ошол эле маалда мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун сактаган саналуу долбоорлордун бири.

Мамлекеттик сатып алууларга карата дагы бир нерсени айта кетүү керек: сатып алуулар боюнча сертификатка ээ адистер бардык эле муниципалитеттерде боло бербейт. Мунун айынан сатып алуулар жол-жоболору да создугуп, процессти тездетүү үчүн кайра тендерлер өткөрүлүп келди. ЖДКЖ Долбоору мамлекеттик сатып алуулар боюнча кесипкөй экспертти жалдап, ал каражаттар эффективдүү, үнөмдүү жана өз убагында колдонулушу үчүн муниципалитеттерге консультацияларды өткөрүп турду.

 

 

 

Окшош материалы: