Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Акбашаттыктар 2018-жылга бюджет долбоорун талкуулашты

2017-08-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Акбашаттыктар 2018-жылга бюджет долбоорун талкуулашты

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ. Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

2017-жылдын 27-июлунда Чүй облусунун Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы Маданият үйүндө кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар өттү. Бул күнү Ак-Башат айылдык аймагынын жашоочулары кийинки жылга алдын ала түзүлгөн бюджет менен таанышып чыгып, өз сунуштарын бере алышты.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек ҮМӨТАЛИЕВдин айтымында 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору 24 миллион сомдон ашуун суммага түзүлдү. “Бюджеттин чыгашаларын аныктоодо негиз катары өткөн жылга чыгашалар алынды. Алар экономикалык кырдаалга, инфляциялык процесстерге жана Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) жүрүшүндө аныкталып, Биргелешкен аракеттер планында (БАП) чагылдырылган калктын артыкчылыктарына жараша түзөтүлгөн, - деп айтып берди АӨ башчысы. – 2018-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору 24 млн. 611,1 миң сом өлчөмүндө аныкталды. Төмөнкү маселелер 2018-жылы артыкчылыктуу болуп эсептелинет:

  • Ново-Николаевка айылын дагы жолдордун ремонту – 3 млн. 500 миң сом;
  • Бирлик айылындагы көчөлөрдү жарыктандыруу – 1 млн.200 миң сом;
  • Таштанды чыгаруу – 150 миң сом.

Бул чыгашалардын баарына жамааттын колдоосун алууну пландап жатабыз. Коомдук угууларга эки апта калганда биз муниципалитеттин калкы арасында маалымат өнөктүгүн жүргүздүк. Бул өз таасирин тийгизди – бүгүн келген катышуучуларда талкууга алып чыккан бюджет тууралуу элес пайда болду. Ошондой эле биз биринчи жолу аймактын тарыхында алдыда болчу иш-чара тууралуу маалымдоо механизмине өзүбүздүн муниципалдык сайтыбызды да коштук”.

Бюджет долбооруна ылайык, 2018-жылга чыгашалар негизинен төмөнкүдөй чөйрөлөргө багытталган. Презентациялардын соңунда катышуучулар өз суроолорун узатып, сунуштарын киргизишти.

Окшош материалы: