Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Жарандык абалдын актылары жөнүндө (ЗАГС)
2016-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «КР айрым мыйзам актыларына («Жарандык абалдын актылары жөнүндө» КР мыйзамына, КР Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду.
Кабыл алынган мыйзам жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Бул Мыйзам менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» КР Мыйзамына жана КР Үй бүлө кодексине оңдоолор киргизилет. Мисалы, бул мыйзамда колдонуудагы мыйзамдарды «КР администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери менен айыл конуштарын администрациялык-аймактык бирдик катары алып салуу бөлүгүндө шайкеш келтирүү каралган. Мындан тышкары, «жарандык абалдын актыларын жазуу органдары» түшүнүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарын, дипломаттык мекемелерди өз ичине камтый турган эске алуу менен, кабыл алынган Мыйзам тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга редакциялык мүнөздөгү тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Колдонуудагы мыйзамдардагы алешемдиктер бир катар терс кесепеттерге алып келип жатканын белгилей кетүү керек. Мисалы, жарандык абалдын актыларын каттоодон өткөрүү үчүн инсанды күбөлөгөн документтер тизмесинин жоктугу жарандык абалдын актыларын жазуучу органдардын жарандарга ар башка мамилесин жаратып жатат. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдери менен жөнгө салынарын эске алууга байланыштуу, бирдей укук колдонуу практикасын белгилөө максатында бул Мыйзамды жарандык абалдын актыларын толтурууга зарыл документтер тизмесин так белгилеген жоболор менен толуктоо сунушталат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









