Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Электрондук башкарууну жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
2016-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Маалыматташтыруу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган. Аталган Мыйзам маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын системалык интеграциялоо процессин өркүндөтүүгө багытталган. Маалыматтык жана электрондук кызмат көрсөтүү максатында жалпы телекоммуникациялык инфраструктураны жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын куруу Мыйзамдын негизги тапшырмасы болуп эсептелет. Мыйзам менен Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн жөнгө салууну, ошондой эле электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын укуктарын караштырган өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда каралгандай, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгымдар сметасынын чегинде мамлекеттик маалыматтык системаларын иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталган ресурстарды, акча каражаттарын караштырууга, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык алардын пайдаланылышын контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органды маалымдоого милдеттүү.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









