Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Административдик жол-жоболорго байланыштуу жарандардын кайрылуулары жөнүндө
2016-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.
Кабыл алынган Мыйзам “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамынын 96-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Мисалы, аталган Мыйзамдын 96-беренесинин 4-бөлүгүндө “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууга байланышпаган жарандардын кайрылууларын кароого тиешелүү бөлүгүндө гана колдонулат деп аныкталган. Аны менен катар административдик жол-жоболор дегенде администрациялык органдын кызыкдар адамдын арызынын, администрациялык органдын демилгесинин негизинде укуктарды жана/ же милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу, анын ичинде административдик актыны берүү, же болбосо кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн акча каражаттарын, башка мүлктү берүү жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча аракеттерди түшүнсө болот. Ошентип кабыл алынган Мыйзам менен “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесине толуктоолорду киргизүү каралды. Ага ылайык, бул Мыйзам административдик жол-жоболорго байланыштуу кайрылууларга жайылбайт. Анткени мындай кайрылууларды кароо тартибин “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамы жөнгө салат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









