Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жооптуу катчы ЖӨБ иши тууралуу баарын билет, бирок кайрадан билим алууну пайда- луу деп эсептейт. Атүгүл маалыматтык такта- ларды толтурганды үйрөнүүдө

2016-08-02 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы В. ШАТЕМИРОВАнын айтымында, ар бир жооптуу катчы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш өзгөчөлүгүн баарынан да жакшы билет. Бул чындык. Бирок ошону менен бирге иштин конкреттүү өңүттөрүн терең баамдоо, чоо-жайын изилдөө атүгүл жооптуу катчыларга да ишин жакшыртууга жардам берет. Бул “ЖӨБ: коомдук ресурстарды ачык-айкын башкаруу” тренингинин жүрүшүндө дагы бир жолу тастыкталды. Аталган тренинг 2016-жылдын 30-июнунан 8-июлуна чейин Чүй облусунун 61 муниципалитетинин 129 өкүлү үчүн өткөрүлдү. Тренингдер коомдук ресурстарды башкарууда ЖӨБ органдарынын ишинде айкындуулукту камсыздоо максатында уюштурулду. Тренингге АӨ адистери, айылдык кеңештин депутаттары, БМжБ тобунун, демилгелүү топтордун өкүлдөрү чакырылды.

“Тренер катары биздин алдыбызда аткарышыыз керек болгон бир нече тапшырма турду, - деп айтып берди “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жарандык катышуу боюнча адиси, тренер Айнура БАЛАКУНОВА. – Биринчи кезекте бул – катышуучуларды коомдук ресурстарды башкарууда айкындуулукту камсыздоо жаатындагы мыйзам чыгаруу базасы менен тааныштыруу жана аларды башкарууда айкындуулукту камсыздоо механизмдерин карап чыгуу. Экинчиден, тренингдин соңунда катышуучулар маалымат менен алмашуу жана коомдук ресурстарды башкарууда айкындуулукту камсыздоо боюнча жарандык катышуу боюнча пландардын долбоорлорун иштеп чыгыш керек болчу. Бул ишке ашты. Катышуучулардын курамы да чеке жылытарлык болду – жалпы катышуучулардын 74 пайызын аялдар түздү”.
 
Тренингге Долбоордун 12 максаттуу муниципалитетинен (Ак-Башат, Бурана, Кызыл-Туу, Кочкорбаев, Боролдой, Күн-Туу, Гроздь, Александровка,Юрьевка, Фрунзе, Таш-Мойнок айылдык аймактары жана Кемин шаары) жана максаттуу эмес 49 муниципалитетинен (Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата,Москва жана Кемин райондору) 129 киши катышты. Окуу процессинде алар коомдук ресурстарды башкарууда ЖӨБ органдарынын ишинин айкындуулугун камсыздаган ченемдик укуктук актылар менен таанышып чыгышты. Алар: КР Конституциясынын беренелери, Бюджеттик кодекс, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзам, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзам,Жергиликтүү жамааттын Уставы, Жергиликтүү кеңештин Регламенти жана “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүк жөнүндө” Мыйзам.
 
Ошондой эле катышуучулар айкындуулукту камсыздоонун аспаптары менен таанышып чыгышты. Алар: коомдук угуулар, чогулуштар, такталар, интернет сайттар, бюллетендер, демилгелүү топтор,Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору, маалымат менен алмашуу жана жарандык катышуу боюнча план. Башкача айтканда катышуучулар билимин практикалык аспаптар менен бекемдеп алышты. Бул болсо ЖӨБ органдарына өз ишинде жоопкерчиликтүү болуп, жергиликтүү жамаат алдында ачык-айкын болууга жардам берет. Тренингдердин жүрүшүндө маалымат такталарында жайгаштырыла турган, Долбоор бардык 12 максаттуу муниципалитет үчүн техникалык колдоо катары даярдаган документтердин түрлөрү талкууланды. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши жана жарандык катышуу тууралуу жарандарга маалымат жеткирүү боюнча ишти пландоо – мыкты акыл болду.
 
Биз бул тууралуу баарын эле билебиз деп ойлойбуз. Бирок иш жүзүндө, технологиялар, мыйзамдардын талаптары менен тааныша келгенде өзүнчө пландоо иши зарыл болгонун түшүнөт экенсиң. План ЖӨБ органдарынын мындан да эффективдүү ишине көмөктөшөт деп эсептейм”, деп айтты Москва районунун Предтеченка айылдык аймагынан келген катышуучу.Сокулук районунун Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ШАТЕМИРОВА В.: “Билим алууну уланта бериш керек. Убакыт алга кете берет, аны менен бирге мыйзамдарда да өзгөрүүлөр болуп турат. Бир караганда, ЖӨБ чөйрөсүндөгү иш тааныш, бирок окуунун темасына тереңирээк сүңгүп киргенде көп жаңы нерсени билет экенсиң. Мисалы, маалымат такталарын жасалгалоо”.

 

Окшош материалы: