Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин ЖӨБ органдары 840 816 сомго жабдуу алышты

2016-08-01 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин ЖӨБ органдары 840 816 сомго жабдуу алышты

“Берилген жабдуулардын жалпы суммасы 840 816 сомду түзөт жана өзүнө 60 бирдикти камтыйт: ноутбуктар, проекторлор, проекциялоо үчүн экрандар, үн күчөткүчтөр жана радиомикрофондор, - деп билдирди ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалитеттер менен иштердин координатору Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА.

– Жабдуулар бюджеттик процесске калкты жана жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга тартуу процессинде ЖӨБ органдарына көмөктөшүү максатында берилди. Бюджет долбоору жана аны аткаруу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча коомдук угуулар өңдүү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү да мунун ичинде бар.Мындан тышкары ЖӨБ органдары жергиликтүү кеңештер жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте конкурстарды, фестивалдарды жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүп келет.
 
Булардын баары калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог куруу, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт. Ушуну менен бирге Долбоор уюштурган конкурстарга катышып, жеңип алып ушундай жабдуу алуу мүмкүнчүлүгү бардык муниципалитеттерде бар”. Жабдуулар “Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу” темасына өткөрүлгөн бир күндүк тренингдердин жүрүшүндө берилди. Бул тренингге эки жүздөн ашык киши катышты. Алардын арасында айыл өкмөттүн жана мэриянын адистери,жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл старосталары, ошондой эле Демилгелүү топтордун жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБ) мүчөлөрү катышты.

Окшош материалы: