Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук угууларга кантип катышса болот?

2016-06-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Коомдук угууларга кантип катышса болот?

2016-жылдын 11-майынан 20-майга чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун 12 максаттуу муниципалитетинин аймагында “Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу” темасына бир күндүк окуу тренинги өттү. Окууга Чуй облусундагы элеттик жана шаардык муниципалитеттеринин 200дөн ашуун өкүлү катышты.

Алардын арасында айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл старосталары, ошондой эле демилгелүү топтордун, Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) топторунун мүчөлөрү да бар.Тренингдер жамааттын активисттеринин бюджеттик процесске натыйжалуу катышуу дараметин жогорулатуу максатында уюштурулду. “Тренингдердин жүрүшүндө катышуучуларга жергиликтүү бюджет эмнеден турары, кандай салыктар жана жыйымдар бар болгону, алар кантип чегерилери жана бөлүштүрүлөрү тууралуу маалыматтар берилди, - деди Долбоордун жарандык катышуу боюнча адиси Анара МУСАЕВА. – Ошондой эле биз төмөнкү суроолорго да жооп издедик: жамаат бюджеттик процесске кантип катыша алат? Бюджеттик процесстин катышуучуларынын ролу кандай? Жергиликтүү жамаат бюджеттик процесске кандай таасирин тийгизе алат?

Окшош материалы: