Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук бюджеттик угууларды кантип өткөрүш керек?

2016-06-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Коомдук бюджеттик угууларды кантип өткөрүш керек?

2016-жылдын 18-майынан 23-майына чейин Чүй облусундагы муниципалитеттердин 80ден ашуун өкүлү “Коомдук бюджеттик угуулар айкындуулуктун жана ачыктыктын аспабы катары” темасына окуудан өтүштү. Окууга айыл өкмөт жана шаар башчылары, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) топторунун мүчөлөрү жана облус аймагындагы жергиликтүү кеңештердин бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын депутаттары катышты.

Тренингдер бюджет боюнча коомдук угууларды натыйжалуу пландоо жана сапаттуу өткөрүү боюнча көндүмдөргө үйрөтүү жана кошумча билим берүү максатында уюштурулду. “Бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруу чыгарган маанилүү саясий документтердин бири болуп эсептелет, - дейт Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ – Бюджетти түзүү жана бекитүү процесси жарандардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий адамдарынан бюджет кантип кабыл алынып, аткарылып жатканын түшүнүүсүн талап кылат.
 
Биздин тренингдердин учурунда катышуучулар коомдук угуулардын максаттары жана тапшырмалары, коомдук бюджеттик угуулардын аракеттеринин ырааттуулугу менен таанышып, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн иштеп чыгып, иш-чарага чейинки жана андан кийинки маалымат өнөктүгүнүн маанисин жана аны өткөрүүнүн усулдарын үйрөнүштү. Мындан тышкары катышуучуларга алган билимин практикада өз алдынча көрсөтүп берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Аны менен катар алар практикалык тапшырмаларды аудиторияга алып чыга тургандай аткарышты”.

Окшош материалы: