Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорду кабыл алуу, тандоо боюнча автоматташтырылган система менен кантип иштеш керек

2016-06-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорду кабыл алуу, тандоо боюнча автоматташтырылган система менен кантип иштеш керек

2 0 1 6 - жылдын 24-майынан 10-июнуна чейин Жалал- Абад, Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кабыл алуу, каттоо жана тандоо боюнча автоматташтырылган система менен иштөө боюнча тренингдер өттү.Тренингдерге элеттик жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык кеңештердин, райондук администрациялардын жана райондук финансы бөлүмдөрүнүн үч жүзгө жакын өкүлү катышты.

КР Финансы министрлиги 2016-жылдын 1-кварталында “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар” беренеси боюнча долбоорлорду кабыл алуу, каттоо,тандоо боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыккан. Система республика боюнча пилоттук режимде ишке берилди. Пландалган тренингдер жогоруда аталган үч облустун ЖӨБ органдарынын жана маморгандарынын өкүлдөрүнө үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга өтүнмөлөр, анын ичинде өтүнмөлөрдү берүүнүн автоматташтырылган жол-жобосу менен тааныштырып, билим берип, көндүмдөргө үйрөтүү максатын көздөдү.
 
КР Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башкы адиси Болот КАСЫМОВдун айтымында, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга Өкмөттүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы тартиби тууралуу маалымат берилди. “Буга кошумча биз долбоорлорду каржылоонун тартибин жана жол-жоболорун карап чыгып, долбоордун тибине жараша документтердин тизмегин талкууладык. Ишке ашыруу процессинде долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы маселесин да өзүнчө карадык”, - деди Болот КАСЫМОВ.

Окшош материалы: