Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо системасы боюнча окуудан өтүштү

2016-06-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин өкүлдөрү  жергиликтүү  деңгээлде мониторинг жана баалоо системасы боюнча окуудан өтүштү

2016-жылдын 22-мартынан 19-апрелге чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун 12 муниципалитетинин аймагында жана Бишкек шаарында “Жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы” темасына тренингдер өткөрүлдү.

Тренингге Чүй облусундагы элеттик муниципалитеттердин айыл өкмөт адистери, демилгелүү топтордун лидерлери, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ТСКАКБ, СПА уюмдарынын мүчөлөрү, жана Бишкек шарынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты. “Бул тренингдерди муниципалитет өкүлдөрүн мындан ары коомдук мониторинг жана баалоону өз алдынча өткөрүүгө үйрөтүү максатында уюштурдук, - деп айтып берди тренер Медет СУЛТАМБАЕВ. – Иш-чаралар үч негизги багыт боюнча өткөрүлдү:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттер планы;
  • жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө калктын канааттануусу;
  • бюджет айкындуулугу.
Мындан тышкары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринин өкүлдөрү менен кошо тренингдерге Чүй облусундагы катардагы башка муниципалитеттердин өкүлдөрүн да чакырдык”.Тренингдер 1,5 күнгө созулуп, катышуучулар кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн, биргелешкен аракеттер планынын жана бюджет айкындуулугунун аспаптары менен таанышты. Тренинг маалында колдонулган окуу усулдары жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинин негизинде иштелип чыккан. Ал эми бул моделди Өнүктүрүү саясат институту Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттерде сынаган эле.Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрү үчүн уюштуруучулар чыгарган эки окуу китебинин базасында өткөрүлдү. Бул окуу китептери өзүнүн конституциялык укугун ишке ашырууга – жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында өз алдынча чечүүгө умтулган ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга багытталган.
 
Бул китептер “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” жана “Жергиликтүү жамааттар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүү” деп аталат.“Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин баалоо методикасы бюджет айкындуулугунун эл аралык стандарттарына негизделген, - деп айтты БАМИ боюнча окуу китебинин кошо автору, тренер Назира ТЮЛЮНДИЕВА. – Аны колдонуу мамлекеттен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан чыгашаларды талап кылбай турганы негизги артыкчылыгы болуп эсептелет. Анын үстүнө индексти эсептөө өкмөт тараптан атайын аракеттерди жана координациялоону талап кылбайт”. Эскерте кетсек, КР Финансы министрлигине караштуу Координациялык кеңеш жактырган Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси методикасы биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору-
на, башка коомдук уюмдарга жергиликтүү деңгээлде бюджеттин айкындуулугун үч өз ара байланыштагы багыттар боюнча баалоого мүмкүнчүлүк берет.
 
Ал багыттар: бюджеттик документтердин курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү; бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүү болушу (жарандар арасында маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары жана бул иштин натыйжалуулугу); жарандардын бюджеттик процесске катышуусу.Тренингдин соңунда биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору БжМ пландарын түзүп, 2016-жылдын ичинде ошол план боюнча иштейт деп пландалууда. Ушуну менен бирге пландар муниципалитеттерде иштелип чыккан жана бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Биргелешкен аракеттер пландарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга 2016- жылы өткөрүлө турган конкурстар тууралуу маалымат берилди. Алар: “Жергиликтүү демилге-2016”, “2017-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу”. Бул конкурстар жарандарды, анын ичинде жарандык коом уюмдарын (БӨУ) бюджеттик процесске жана жеринде чечим кабыл алуу процессине жигердүү катышууга шыктандыруу максатын көздөйт. Үч конкурстун жалпы байге фонду 900 миң сомго жакын болот.

Окшош материалы: