Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү: бул кантип ишке ашат?

2016-06-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

26-апрелде Чүй облусунун Кант шаарында жана Беловодск айылында “Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү” темасына бир күндүк окуу иш-чаралары өттү.

Окууга Чакан гранттар программасы-2016 конкурсунун жеңүүчүлөрү деп табылган 17 муниципалитеттин 70ке жакын өкүлү катышты. Булар 20-апрелде бир миллион сом көлөмүндө гранттык жардам алууга сертификатка ээ болушкан. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында уюштурулган окуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарган инвестициялык долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболору менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү. Тренингдерге төмөнкү маселелер кирди: техникалык көзөмөл; мониторингди өткөрүүнүн этаптары; мониторингдин планы; мониторингдин иш-чаралары, индикаторлору, мониторинги, маалымат булактары, БМжБ тобунун документтери, инвестициялык долбоордун жыйынтыктарына канааттануу; долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү.

 

Окшош материалы: