Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Грант алган муниципалитеттердин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча семинарга катышты

2016-06-24 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Грант алган муниципалитеттердин өкүлдөрү  мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча семинарга катышты

2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда Чүй облусунун 17 муниципалитетинин өкүлдөрү беш күндүк милдеттүү окууга катышты. Бул 17 муниципалитет Чакан гранттар программасынын конкурсунда жеңип алышкан эле. Окуулар мамлекеттик сатып алууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү процесстеринеүйрөтүү максатын көздөдү. Анткени жеңүүчү муниципалитеттер 1 миллион сомдон кем эмес суммага гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында сатып алууларды жүзөгө ашырышмакчы.

Конкурста жеңүүчү деп табылган долбоорлорду ишке ашыруунун катышуучулары болуп эсептелген айыл өкмөт башчылары, финансы, турак жайкоммуналдык чарбачылык боюнча адистер, бухгалтер-кассирлер жана башка адистер «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзам, мамсатып алуулар процессинин жол-жоболору,сатып алынуучу товарлардын сапатына болгон талаптар, техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу, алардын максаттары жана тапшырмалары менен таанышып чыгышты. Тренер Жылдыз БАЗАКЕЕВАнын айтымында, катышуучулардын алдында жеңил эмес милдет турду – алар беш күндүн ичинде өтө чоң көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүүгө тийиш эле. “ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун конкурсунда утуп алган муниципалитеттердин өкүлдөрүн биз эки тараптуу Кызмат таштык тууралуу меморандумдун алкагында окуттук, - деди тренер.
 
– Биздин программага ылайык, беш күндүн ичинде катышуучулар мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жол-жоболоруна карата талаптарды үйрөнүшүп, семинардын жүрүшүндө алган билимин иш жүзүндө колдонушту.Биз катышуучуларга реалдуу сандарды жана кырдаалдарды мисал катары бердик. Семинардын төртүнчү күнүндө катышуучулар электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталында иштегенди, конкурстук документтерди даярдаганды жана мамсатып алуулар планын түзгөндү үйрөнүштү. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар бул чөйрөдөгү арыздарды жана даттанууларды кароо механизмдери менен таанышып чыгышты”. Окуу иш-чараларынын натыйжасын, алынган билим канчалык өздөштүрүлгөнүн аныктоо, мамсатып алууларды өткөрүү процессинде терс кесепеттерди болтурбоо максатында бардык катышуучулар тест тапшырышты.
 
Ошонун негизинде гана сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар семинардын материалдары бир кыйла татаал, бирок пайдалуу болгонун белгилешти. “Ушундай семинарды биз үчүн уюштуруу жакшы идея болду. Анткени “Биз таза аймак үчүн” аттуу чакан долбоорубузду ишке ашырганы турабыз жана алдыда бир топ иштер жасалыш керек. Бул долбоордун алкагында таштанды менен күрөшүүнү пландап жатабыз, - деп айтты Жайыл районунун Ак-Башат АӨ финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара ШАРШЕКЕЕВА.– Биздин долбоор айылдык аймактын чегинде таштанды жыйноо жана чыгаруу боюнча шарт түзүүгө багытталган. Биз муну атайын техниканы сатып алып, таштандыны тазалоо аркылуу ишке ашырганы жатабыз. Эми ошол атайын техниканы сатып алуунун жүрүшүндө канткенде баарын мыйзам чегинде жана туура жасаш керектигин билип калдык”.

Окшош материалы: