Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык сайт: ал канчалык зарыл?

2016-06-24 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Муниципалдык сайт: ал канчалык зарыл?

Ушул жана башка суроолор Чүй облусунун максаттуу муниципалитеттеринин жамааттары менен жумушчу жолугушуулар маалында талкууланды. Жолугушуулар муниципалдык сайттарды түзүү жана бул багытта тааныштыруу иштерин жүргүзүүгө карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерин билүү максатында уюштурулду. Жолугушууларга айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары жана депутаттары, жооптуу катчылар жана келечекте сайтта иштей турган башка кызматкерлер катышты.

“Мунун алдында, 2016-жылдын февралында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери бардык 12 муниципалитетте – Долбоордун өнөктөштөрүнүн арасында сурамжылоо жүргүзгөн эле. Сурамжылоо калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда маалымат алмашуу иштерин камсыздоо жана жакшыртуу, ошондой эле маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн маалымат такталарынын жана муниципалдык сайттын зарылчылыгын аныктоо максатында жүргүзүлгөн, - деп түшүндүрдү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА. – 12 муниципалитеттин ичинен үчөө гана келечекте муниципалдык сайтты күтүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун тастыктаган”.
 
Гроздь, Юрьевка жана Кызыл-Туу айылдык аймактарындагы жолугушуулардын жүрүшүндө ЖӨБ органдары муниципалдык сайттын турмуштук цикли, ЖӨБ органдарынын өз ишиндеги айкындуулукка жана ачыктыкка жетүү жана муну камсыздоо аспабы катары ага карата коюлган талаптар тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары ар бир муниципалитеттин максаттуу аудиториясын изилдөө менен ыктымал сайттардын болжолдуу структурасы да талкууга алынды. Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Бек ЖЕКШЕМБИЕВдин баамында, муниципалдык сайт жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты жарыялоодо жана “ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын аткарууда мыкты аспап болуп бермек.
 
“Эгерде өз сайтыбыз болсо, биз аны талаптагыдай кармоо үчүн болгон аракеттерди жасамакпыз.Биздин аймактын коомдук иш-чаралары маалында тартылган сүрөттөрдүн бай архиви бар. Эгерде сайтка жаңылыктарды, бюджетти, муниципалдык менчик тууралуу маалыматтарды жана башкаларды жайгаштыра турган болсок, анда биздин дарекке карата шектенүүлөр болмок эмес. Сайтты иштетүү процессин көзөмөлдөп, аны кароосуз калтырбаш үчүн сайтты башкаруу боюнча семинарга өзүм катышууга даярмын. Анткени өз кызматкерлеримен бир нерсени талап кылаардан мурда, биринчи кезекте бул маселеден өзүм кабардар болушум керек да!” – деди ал. Бул жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде аткаруучу тандалып алынат. Ал ар бир муниципалитет үчүн муниципалдык сайттарды түзүүгө тартылат.

Окшош материалы: