Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2016-06-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Китептин бет ачары 2016-жылдын 1-апрелинде Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде өттү. “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” Окуу материалдарынын топтомунун (ОМТ) бет ачарына борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын 20дан ашуун өкүлү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бардык катышуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган беш практикалык окуу китебинин нускалары тартууланды.

ОМТ авторлорунун тобунун жетекчиси, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВАнын айтымында, катышуучуларга жергиликтүү жамааттар, студенттер жана башка кызыкдар адамдар менен иштөө үчүн кошумча көчүрмөлөрүн алууга буюртма жасоо мүмкүнчүлүгү берилди.“Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” Окуу материалдар топтому жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган, - деп айтып берди Надежда ДОБРЕЦОВА. – 2016-жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган:
 
  • ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу (ISBN 978-9967-11-502-6);
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын бирдиктүү аракеттерин пландаштыруу (ISBN 978-9967-11-534-7);
  • коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын ЖӨБго катышуусунун формасы катары (ISBN 9789967-11-509-5);
  • жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине пландуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүүсү (ISBN 978-9967-11-507-1);
  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси (ISBN 978-9967-11-535-4).
Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал. ОМТ жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуу моделине негизделген (ЖЖӨБК модели). ЖЖӨБК модели – бул КР мыйзамдарында каралган иш-чаралардын комплекси. Ал бир жагынан ЖӨБ органдарына жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамаат алдында отчет берүүгө, жарандарды коомдук мааниге ээ болгон чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде жергиликтүү ресурстарды бөлүштүрүүгө тартууга түртөт. Экинчи жагынан жарандарга жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон конституциялык укугун ишке ашырууга жол берет”. ОМТ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укук колдонуу практикасына, анын ичинде жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын жоболоруна негизделген.
 
Бардык окуу китептери басма жана электрондук түрүндө берилген документтердин формалары жана мисалдары менен коштолгону ОМТнын практикалык баалуулугун түзөт. Электрондук тиркемелер окуу китептеринин темалары боюнча маселелерди жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актылардын толук тексттерин да камтыйт. Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашыр-ган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда- рынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында
чыкты.

Окшош материалы: