Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Жайыттар жана жайыт комитеттери тууралуу
2016-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарга).
- Мыйзамдын 3-беренесинде жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча комиссиянын курамы жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана айлана-чөйрө жана токой чарбасы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен толукталды;
Мыйзамдын 3-беренеси төмөнкү редакциядагы 5-1-бөлүгү менен толукталды:
- "51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт билетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн";
- Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө жайыт комитетинин курамына айлана-чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү кошулду;
- Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн жаңы редакциясына ылайык, жайыт комитетинин терагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат;
- Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүндө жайыт билети үчүн бөлүк-бөлүгү менен акы төлөөнүн мөөнөттөрү учурдагы жылдын 1-ноябрына чейин узартылды (буга чейин учурдагы жылдын 1-октябрына чейин белгиленген).
- Мыйзамдын 11-беренесинин 3-бөлүгү жергиликтүү бюджетке жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акынын бөлүгүн багыттоону караштырат. Ал болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын көлөмүн эске алуу менен түзүлөт;
- Мыйзамдын 13-беренеси 2-1-бөлүгү менен толукталган. Ага ылайык, ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү










