Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

17 муниципалитет Швейцария Өкмөтүнөн грант алышты

2016-04-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
17 муниципалитет Швейцария Өкмөтүнөн грант алышты

2016-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун 17 муниципалитети жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн гранттык жардам алууга сертификаттарга ээ болушту. Ар бири 1 миллион сомго бааланган сертификаттарды Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Даниэль МЕВЛИ МОНТЕЛЕОН айым тапшырды. Иш-чаранын расмий бөлүгүн ачып жатып, Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап, калк менен иштешүүдө жаңы ыкмаларды колдонгон ЖӨБ органдарынын ийгиликтерине тамшанды.

“Биздин Долбоор ЖӨБ органдарына мамлекеттик фиансыны дагы да айкын жана натыйжалуу башкарууга жардам берүү максатын көздөйт. Бул болсо жергиликтүү жамааттын алдында отчеттуулукту күчтөндүрүү жана чечим кабыл алуу процессине жарандарды тартуу аркылуу ишке ашат. Отчеттуулук дегенде ЖӨБ органдарынын айыл жана шаар тургундары айткан жергиликтүү маанидеги көптөгөн маселелерди чечүүсүн түшүнөбүз.Муниципалитеттерге жардам катары Долбоор конкурстук негизде жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттык жардам берет.Бул Долбоор аркылуу Швейцария Өкмөтү ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жана депутаттарынын билим деңгээлин, өз муниципалитеттериндеги турмушка жашоочулардын катышуу активдүүлүгүнүн даражасын жогорулатуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонот.
 
Бул мүмкүнчүлүктөрдү толук көлөмдө колдонуу үчүн сиздин жигердүү катышууңуз зарыл”, - деди ал Чүй муниципалитеттеринин өкүлдөрүнө кайрылууда. КР Өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн жана ЖӨБ секторунун башчысы Жетиген БАКИРОВ өз кезегинде түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү кароодо жана баалоодо айкындуулукту камсыздоо механизмдерин белгиледи. “Биз (конкурстук комиссиянын мүчөлөрү – макала авторунун кошумчасы) кайсы өтүнмө кайдан түшкөнүн акыр аягына чейин билген жокпуз. Анткени Долбоордун кызматкерлери бизге берген конкурстук материалдардын эч бир жеринде географиясы тууралуу да, анын үстүнө муниципалитеттердин аталышы да жазылган эмес, - деп конкурстук комиссиясынын мүчөсү катары өз тажрыйбасы менен бөлүштү. – Ошондуктан өтүнмөлөрдү баалоодо мүмкүн болушунча калыс болдум.
 
Баалоонун ушундай механизми бардык конкурстарда колдонулушун каалайт элем. Процесс маалында таанышкан маалыматтардан жеринде чоң иштер жасалып жатканын билдим. Куттуктоолорум менен кошо жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүгө чындап багытталган долбооруңарды ийгиликтүү ишке ашырып алууңарды чын жүрөктөн каалайт элем. Муну менен катар биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам берген Швейцария Өкмөтүнө – биздин көптөн берки өнөктөшүбүзгө ыраазычылыгымды билдирээр элем”. КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) статс-катчысы ИКРАМОВ Санжар да жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттин негизи катары баалады. “Биз баарыңарды бүгүнкү жеңишиңер менен куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектешпиз! Ошондой эле дал ушул секторду – жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторун өнүктүрүүдө бизге көп жылдардан бери жардам берип келаткан өнөктөштөрүбүздүн бири КРдагы Швейцария Элчилигине ыраазычылык билдиребиз.
 
Биз сиздерге да ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалайбыз!”, - деди ал. “Швейцария бул долбоорго 2011-жылдан бери финансылык жардам корсөтүп келет, - деди КРдагы Швейцария Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Даниэль МЕВЛИ МОНТЕЛЕОН айым. – Биздин жардам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таза суунун жоктугу, таштанды чыгаруу, мектептердеги начар шарттар өңдүү көйгөйлөрдү чечип, өз жамааттарындагы адамдардын турмушунун бардык шарттарын жакшырта алат деп күтөбүз. Биз Кыргызстандагы өнөктөш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтерин жана жетишкендиктерин көрүп кубануудабыз”. Андан кийин жеңүүчү деп табылган 17 муниципалитеттин башчылары гранттык макулдашууларга кол коюшту. Анда жеңген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келечекте жасалчу иштер сүрөттөлгөн. Миллион алган ЖӨБ органдары реалдуу иштерди баштаганга чейин КР мыйзамдарында жазылган мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн бардык жол-жоболорун аткарыш керек. Анткени гранттык каражаттар жергиликтүү бюджетке тикелей түшөт.
 
Документке кол койгон Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль СУШАНЛО өз орун басарын чакырып, “Бул – биздин жалпы ийгилигибиз. Орун басарым болбосо, бул жеңиш да мүмкүн болмок эмес”, - деп айтты. Иш-чарага катышкан айрым муниципалитеттердин өкүлдөрү ыраазычылык сөздөрүн айтып коюу өтүнүчү менен кайрылышты. Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан ИБРАГИМОВ Долбоор менен кызматташтыктын тарыхын жана жетишилген ийгиликтерди кыскача баяндап берди: “Биз Долбоор менен биргелешип бир топ иштерди жасадык. Бирок сиздин Долбоор биздин аймакта иштеп жаткан чакта дагы көп нерселерди ишке ашырууга жетишип калышыбыз керек. Жалпы муниципалитетибиздин атынан кошкон салымыңар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”. Ысык-Ата районунун Юрьевка муниципалитетинин башчысы ЖЕКШЕМБИЕВ Бек да Долбоор менен кызматташуунун оң жактарын белгиледи. “Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттердин бул командасын сегиз жылдан бери билем, - деп ал сөзүн баштады. – Ушул убакыттан бери алар Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү үчүн бир топ иштерди жасашты.
 
Биздин муниципалитет Долбоордун Чүй облусун дагы максаттуу өнөктөш муниципалитеттердин тизмесине кошулганына кубанычтамын. Бүгүнкү күндө биз көп нерсеге жете алдык. Бул процессте Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгууга өзгөчө басым жасагым келет. Бул План бизге актуалдуу көйгөйлөрүбүздү аныктап чыгууга, аларды артыкчылыктарына жараша бөлүштүрүүгө, аларды чечүү үчүн ресурстарды издөө жолдорун табууга жардам берди. БАПтын жардамы менен биздин аракеттерибиз системага салынып, ырааттуу өнүгүүгө багыт алдык”.Башка муниципалитеттердин өкүлдөрү да сөз сүйлөп, Долбоорду, уюмдун өкүлдөрүн – Долбоордун аткаруучуларын – ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча жасап жаткан иштери, өнөктөштүккө карата жасалган бейформал мамиле жана жамааттарда жыйынтыктарга жетишүү үчүн, жалпысынан өлкөдөгү ЖӨБдү колдоо үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Бул багыттагы кийинки иш-аракеттерди Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ баяндап берди: “Бардык 17 ЖӨБ органдын өкүлдөрү КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча беш күндүк окуудан өтүшөт.
 
Бүгүнкү күндө бардык 17 муниципалитет өз долбоорлору боюнча конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн конкурстук документтерди даярдашууда. Ошондой эле Долбоор ЖӨБ органдарына зарыл болгон ремонттук-курулушка жана Кыргызстандын Чүй облусундагы ушул 17 жергиликтүү жамаатта турмуш шартты камсыздаган инфраструктураны жакшыртуу боюнча башка иштерге байланышкан документтерге техникалык экспертизаны өткөрүүгө жардам берет. ЖӨБ органдарында да, ушул муниципалитеттердин жергиликтүү жамааттарында да, анын ичинде активдүү жашоочуларда да иш көп болот. Алар гранттык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле бул Долбоорду ишке ашырып жаткан ӨСИнин кызматкерлеринин да иши көп болот”.
 
Район
Муниципалитеттин аталышы
Долбоордун
аталышы
Долбоордун түрү
1 Аламүдүн Гроздь АА
“Баары өз колу- бузда”
Гроздь мектебинин материалдык-техникалык базасын жабдуу жолу менен мектептеги билим берүү
шарттарын жакшыртуу. Мектеп үчүн эмеректерди,
компьютердикжабдууларды, проекторлорду, прин-
терлерди ж.б. сатып алуу пландалды.
2 Аламүдүн
Таш-Мойнок
АА
“Балдар биздин
келечегибиз”
Аймактагы үч бала бакча үчүн жабдууларды жана
эмеректерди (отургучтарды, керебеттерди, столдорду, ковролинди, шейшептерди) сатып алуу менен мектепке чейинки билим берүүнүн шарттарын
жакшыртуу.
3 Жайыл Ак-Башат АА
“Биз таза аймак
үчүн”
Атайын техниканы сатып алуу жана КТК жыйноо
жана чыгаруу боюнча иштерди уюштуруу аркылуу
Ак-Башат айылдык аймагында таштанды тазалоо
жана чыгаруу үчүн шарттарды түзүү
4 Кемин Боролдой АА “Суу – бул өмүр”
Суу менен камсыздоо системасын жарым-жарты-
лай оңдоо жана скважинаны ишке берүү жолу ме-
нен айыл тургундары таза суу менен камсыздоо
5 Кемин
Кемин шаары-
нын мэриясы
“Тазалык – ден
соолуктун кепи-
ли”
Дизелге иштеген “МАЗ” атайын техникасын сатып
алуу жана КТК чыгаруу графигин оптималдашты-
руу жолу менен КТК чыгарууну уюштуруу жаатын-
да шарт түзүү; КТК чыгаруу үчүн тарифтер талкуу-
ланып, бекитилет
6 Кемин
Кызыл-Ок-
тябрь АА
“Бала бакчанын
жыгач терезеле-
рин алмаштыруу”
“Келечек” бала бакчасында эски жыгач терезелер-
ди жаңы пластик терезелерге (62 даана) алмаш-
тыруу менен мектепке чейинки билим берүүнүн
шарттарын жакшыртуу
7 Москва
Александровка
АА
“Жакшы жол-
дор – көп
көйгөйлөрдү
чечүү жолу”
1000 м жолго кум төгүп, 36 м суу бургуч трубалар-
ды (диаметри 0,5 м) төшөө менен ички жолдордун
абалың оңдоо
8 Москва
Биринчи Май
АА
“Туура тамакта-
нуу – жакшы оку-
унун кепили”
Мектеп ашканасын зарыл жабдуу менен камсыз-
доо аркылуу окуучуларды ысык тамак менен кам-
сыздоо үчүн шарттарды түзүү
9 Панфилов Фрунзе АА
“Чоң жыйындар
залынын капи-
талдык ремонту”
Көп сандагы адамдардын – жергиликтүү жамаат-
тын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук иш-
чараларды өткөрүү үчүн шарт түзүү максатында
500 орундуу жыйындар залына капиталдык ремонт
жасоо
10 Сокулук Кызыл-Туу АА
“Кызыл-Туу айы-
лында кичи фут-
бол талаасынын
курулушу”
42х22 м көлөмүндөгү кичи футбол талаасынын ку-
рулушу
11 Сокулук Күн-Туу АА
“Таза жана абат-
талган аймак”
Атайын техниканы сатып алуу жана атайын техни-
канынын графигин жана иш тарифин бекитүү жолу
менен КТК чыгарууну уюштуруу боюнча шарттарды
түзүү
12 Чүй Бурана АА
“Балдар биздин
келечегибиз”
Калча атындагы мектепти ремонттоо (от жагуучу
жайды жана чатырын оңдоо) жана мектептин ка-
нализациялык системасын ремонттоо жолу менен
мектепте билим берүү шарттарын жакшыртуу

13

Ысык-Ата Кочкорбаев АА
“Таза суу – ден
соолуктун кепи-
ли”
Көлөмү 31 куб м. болгон жаңы суу алгыч мунара-
ны, 80 даана темир бетон плитаны, төрт шамчы-
ракты жана темир тосмону орнотуу жолу менен
айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо
14 Ысык-Ата Узун-Кыр АА
“Суу алгыч му-
наранын рекон-
струкциялоо”
Насос станциясын реконструкциялоо, насосторду
алмаштыруу жана бактерициддик жабдууну орнот-
уу жолу менен таза сууга жеткиликтүүлүктү жак-
шыртуу
15 Ысык-Ата Юрьевка АА
“Маданиятты
өнүктүрүү – ийги-
ликтин кепили”
Маданият үйүнүн имаратын жана анын чатырын
оңдоо менен аймак калкынын маданиятын жогору-
латуу үчүн шарттарды жакшыртуу
16 Ысык-Ата Кең-Булуң АА
“Ден соолук – ий-
гиликтин кепили”
ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) имаратын оңдоо
менен медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарт
түзүү: жылуулук системасын (аянты 506 кв. м), те-
резе жана эшик блокторун (102 кв. м) алмаштыруу
17 Ысык-Ата Жээк АА
“Айылдын
көчөлөрүнө жа-
рык орнотуу”
Пиндюриндер көчөсүндө узундугу 1500 м көчө жа-
рыгын орнотуу жана узундугу 1500 м Ленин көч.
жарык системасын капиталдык оңдоо менен тур-
муш шартты жакшыртуу

 

Окшош материалы: