Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракеттерин пландоо

2016-04-04 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жамааттын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракеттерин пландоо

Авторлор: Роза СУРАНЧИЕВА, Танат ОСМОНКУЛОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери

Чүй облусунун 12 муниципалитетинде ЭҮЖӨБОЖ долбоору менен кызматташтыктын алкагында биргелешкен аракеттерди пландоонун этабы жыйынтыкталды. Жергиликтүү жамааттын ЖМБА сессияларынын жүрүшүндө аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планы (БАП) анын натыйжасы болуп калды. Пландын өзүнүн да, аны иштеп чыгуу процессинин да өзгөчөлүгү жана баалуулугу – ал ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы реалдуу отчеттуулугунун, ошондой эле жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу аспабы болуп калды.

Калктын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүнү пландоо гана эмес, ошондой эле жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүн пландоо процессинин негизи катары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоону карап чыгуу бул этаптын максаты болуп эсептелет. Жалпысынан жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүн пландоо – бул дагы да кеңири процесс. Ал иш жүзүндө түрдүү формада болот – жер участокторун менчиктештирүүнүн жылдык планынан тарта узак мөөнөттүү мезгилге муниципалитеттин социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына чейин.

Максаттуу муниципалитеттерде ЖМБА жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан Биргелешкен аракеттер планы аймактын үстүдөгү жылга социалдык-экономикалык өнүгүү Планынын бир бөлүгү болуп калды жана муниципалитетти өнүктүрүүнүн стратегияларына шайкеш келди. Ошондой эле БАП айыл өкмөтүнүн адистеринин жеке пландарын жана өнүктүрүү, башкаруу боюнча башка пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп калды. Дал ушул документ башкаруу органдарынын ишин пландоодо жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн эсепке алууну камсыздап берди.

12 биргелешкен аракеттер планы “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо” темасына Долбоордун алкагында өткөрүлгөн семинар-тренингдер маалында алынган билимдер менен көндүмдөрдүн натыйжасы болду. Тренингдердин максаттуу аудиториясы ЖӨБ органдарынын жетекчилери, АӨ кызматкерлери, АК депутаттары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, анын ичинде демилгелүү топко киргендер болду. Депутаттык корпус тарабынан тренингге катышуунун активдүүлүгү чабал болгонун, бул болсо кийин жалпысынан жергиликтүү кеңештин ишине жана Жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске катышуу моделин жайылтуу боюнча иштерге депутаттарды тартууга таасирин тийгизе турганын белгилей кетүү зарыл.

1-диаграмма. Тренингдин катышуучуларынын курамы

Окууга Чүй облусунун бардык элеттик ЖӨБ органдары чакырылды. 12 муниципалитеттен тышкары Чүй облусунун 18 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү да окуудан өттү. Жалпысынан 234 киши окууга катышса, аларды 118и аялдар болду.

Тренингде пландоонун ар кандай түрлөрү, социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоо маселелери талкууланды. Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу теориясы жана практикасы, ошондой эле анын коомдук талкуудан өтүүсү, кабыл алуу жана жарыялоо тартиби деталдуу түрдө каралды.

Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эске алуу менен пландоонун көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн тренинг өзүнө теориялык блокторду жана практикалык көнүгүүлөрдү камтыды. Тренингде реалдуу материалдар жана документтер, анын ичинде ЖМБАнын жыйынтыктары колдонулгандыктан катышуучулар тренерлер менен кошо артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн себептерин гана аныктабастан, ошону менен бирге кесепеттерин, айылдагы турмуш шартка мындан ары кандай таасирин тийгизээрин болжолдоп, ишке ашыруунун ыктымал болгон жолдорун талкуулашты. Мындан тышкары ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын, жеринде кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын өз ара аракети; ЖӨБ органдары аларга берилген ыйгарым укуктарды аткарууда каржылоо маселелери да каралды. Маселени чечүү жолдору бир топ кызуу талашка түштү.

Тренингдин көпчүлүк катышуучуларына жергиликтүү тургундардын пландоо процессине катышуу максатын түшүнүү кыйын болду.

Анткени ар бир АӨ башчысы жана депутаттар аймактагы көйгөйлөрдү алар гана билет деп ойлошчу. Окуу процессинде гана жарандардын катышуусу көйгөйдү жашоочулардын көзү менен көрүү, ошондой эле бул көйгөйлөрдү калк менен биргеликте чечүү мүмкүнчүлүгүн берээрин түшүнүштү.

Окуунун жыйынтыгында максаттуу муниципали- теттерде АӨ башчыларынын, мэрдин буйругу менен БАПты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Алардын курамына АӨ/мэрия адистери, АК депутаттары жана демилгелүү топтордун лидерлери кирди. Пландоо үчүн жолугушуулардын жана отурумдардын графиги түзүлдү.

Жумушчу топтун мүчөлөрү БАПты даярдоо маалында иш-чараны даярдоого, процесске, ЖӨБ органдары көйгөйдү чечүүнү кантип пландап жатканына өзгөчө көңүл буруп, конкреттүү максаттарды аныктап, алдына милдеттерди коюп, ага жараша жооптуу адамдарды жана тийиштүү мөөнөттөрдү аныктоо менен практикалык иш-чараларды иштеп чыгышты.

Пландын долбоорун даярдагандан кийинки кадам пландын долбоорлорун коомдук талкуу болду. ЖӨБ органдары жашоочулар менен чогулуштарды өткөрүп, жамаатка аракеттер планын тааныштырышты. Бул чогулуштар буга чейинки практикадан кескин айырмаланып турду. Мурда жергиликтүү бийликтин келечекке пландары айыл өкмөт башчынын жасалган иштери тууралуу отчеттору маалында айтылчу жана бул үчүн көп деле убакыт бөлүнчү эмес. Негизинен алар эмне куруш керек же оңдош керек дегендердин тизмеси гана болчу. Жергиликтүү бийлик жашоочуларга аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эмнелер, кайсы жерде, качан жана кантип жасалары тууралуу айтып бергени БАПтардын өзгөчөлүгү болуп калды.

Мисалы, Фрунзе айылдык аймагында Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана ТСКАКБнын ишин жандандыруу боюнча иш-чаралар БАПка кирди. Бул иштер буга чейин жашоочулардын чогулуштарында токтотулган эле. Бирок чогулуштарда БАПты тааныштырып, талкуулоо маалында бул бирикмелердин өкүлдөрү жашоочуларга алардын иши канчалык зарыл болгонун далилдеп бере алышты. Ак-Башат айылдык аймагында таштанды көйгөйүн чечүү үчүн жергиликтүү бийлик ишин этап-этабы менен пландады: атайын техниканы жана таштанды контейнерлерин сатып алуу менен инфраструктураны көбөйтүү, эффективдүү тарифтерди эсептөө жана муниципалдык ишканаларды түзүү. Боролдой айылдык аймагында көп жылдардан бери чечилбей келаткан таза суу маселесин скважиналарды колдонууга берип, жеринде таза суу берчү фильтрлерди орнотуу менен чечүүнү пландашууда. Бурана айылдык аймагында тургундар жамгыр жана кар жааганда суу болбосун деп, жергиликтүү аялдамалардын абалына көңүл бурушту.

Мыйзамдарга ылайык, өнүгүү программаларын өкүлчүлүктүү органдар, т.а., жергиликтүү кеңеш бекитиш керек. Бул тема тренингде өзүнчө сессияда каралган. Практикада туруктуу комиссия БАПтын долбоорун айыл өкмөт башчы документтердин пакетин коштомо кат, анын ичинде чогулуштун протоколу менен кошо бергенден кийин гана карай баштаган. Түрдүү муниципалитеттердин депутаттык корпустарында БАПты кароо жана бекитүү процесси бардык жерде АК регламентинин нормаларына шайкеш болуп, ошол эле маалда ар башка өткөн. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн чогулуусу кыйын болду: кээ бири өзүнүн негизги ишинен бошой албаса, айрымдары бизнеси менен алек болду, кээ бирөө жөн эле келе албай турганын айтышкан. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары өз ишинде тийиштүү бүтүмдү даярдоо менен отурум өткөрүшпөгөнүн айтышты. Бул болсо БАП долбоорун кароо боюнча алардын ишин татаалдаштырды. АК сессияларын мыйзамдардагы талаптарга ылайык уюштуруу жана даярдоо, анын ичинде жергиликтүү жамааттын катышуусу боюнча маалымат өнөктүгүн дярдоо жана өткөрүү, катышуучулардын санына шайкеш келе тургандай жерди даярдоо көпчүлүк максаттуу муниципалитеттер үчүн жаңылык болду. Натыйжада АК сессиялары жакшы уюштурулуп, БАП токтом менен бекитилди. Андан кийин айылдык кеңештин токтому маалымат такталарында жана райондук гезиттерде жайгаштырылды.

БАПты даярдоо процесси жергиликтүү жамааттын жашоочулары жана жергиликтүү бийлик органдары көтөргөн көйгөйлөр боюнча элес ар башка болгонун көрсөттү. Эгерде жашоочулар үчүн таза сууну маал-маалы менен гана алуу, суу түтүк тармактарын күтүүгө кеткен чыгашалар тууралуу маалыматтын жоктугу көйгөй болуп эсептелсе, айыл өкмөтү суу түтүгүнүн ремонтуна каражаттын жоктугу, жашоочулардын таза суу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз маалында төлөбөгөнү көйгөйгө себепчи деп эсептейт. Балким өнүгүү пландарын пландоого жана аны түзүүгө карата формалдуу мамиленин негизги себеби ушул болушу мүмкүн. Өнүгүү пландарында негизинен эмне жасалыш керектиги чагылдырылат. Бирок ал кантип ишке ашаары, тургундарды тынчсыздандырган көйгөйдү чече турган жыйынтык болобу деген суроолор каралбай калат. Адатта суу түтүк трубаларын алмаштыруу таза сууга жетпей жаткан жашоочулардын көйгөйлөрүн чечүүгө таасирин тийгизеби же жокпу деген маселе талданбайт. ЖӨБ органдары ТСКАКБ башкаруусун жакшыртууга көмөктөшчү иш-чараларды, же алардын ишинин ачык-айкындуулугун жакшыртуу боюнча иштерди пландабайт. Бирок бул иш-чаралар жашоочулардын көйгөйлөрүн чечүүгө түздөн түз таасир тийгизиши мүмкүн.

Мындан тышкары артыкчылыктуу керектөөлөрдү жергиликтүү тургундар көтөрүп чыкканда объекттердин ремонту, коммуналдык кызмат көрсөтүү (көмүр, электр энергиясы, суу менен камсыздоо) өңдүү муниципалдык менчикти башкарууга байланышкан күнүмдүк милдеттенмелерге карабастан ЖӨБ органдары аларды биринчи кезекте чечиш керектигин да эсепке алуу зарыл. Жашоочулардын артыкчылыктуу муктаждыктарын чечүү биринчи кезекте аларда ЖӨБ органдары – бул алардын бийлиги жана бул бийлик үчүн тургундардын пикири маанилүү деген ишенимди пайда кылат. Эгерде ЖӨБ органдары муну эске алса, анда жергиликтүү жамааттын толук колдоосуна ээ болот.

 

Окшош материалы: